Орусия Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн аскердик кызматташууну өзгөртүүнү каалайт

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстан жана Казакстан менен аскердик-техникалык кызматташтык боюнча учурдагы келишимдерди өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды. Эки документ тең укуктук актылар порталында жарыяланды, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Орусия  Казакстан менен болгон келишимди 2013-жылдын 24-декабрында (2015-жылы ратификацияланган), ал эми Өзбекстан менен 2016-жылдын 29-ноябрында түзгөн. Документтер курал-жарак менен аскердик техниканы жеткирүүнү, аскердик багыттагы продукция менен алмашууну, технология жана документтерди өткөрүп берүүнү жөнгө салат.

«Коммерсант» кабарлагандай, акыркы жылдары Казакстан Орусиядан «Су-30СМ» аскердик учагын (2022-жылга карата алардын жалпы саны 20га жеткен), «Ми-171Ш» жана «Ми-35М» тик учактарын, «Бук-М2Э» зениттик ракеталык комплекстерин, «БТР-80» жана «БТР-82А» брондолгон транспортёрлорун алган. 2015-жылы Москва аймакта абадан коргонуунун бирдиктүү системасын түзүү программасынын алкагында Астанага беш «С-300ПС» зениттик ракеталык системасын акысыз берген.

Өзбекстан 2017–2019-жылдары мамлекеттик экспорттук насыянын эсебинен 12 «Ми-35М» тик учагын алган, ошондой эле 30га жакын «МиГ-29» аскердик учагын модернизациялаган. Тараптар «Су-30СМ», «Сопка-2» радиолокациялык комплексин жана «Печора-2М» зениттик ракеталык комплекси үчүн жабдууларды жеткирүү маселесин талкуулашкан.

Казакстан, Өзбекстандан айырмаланып, ЖККУнун мүчөсү болуп саналат. Муну менен эки тарап коргонууну да пландай алат. Өзбекстан менен болсо эки өлкөнүн Аба күчтөрүн жана Абадан коргонуу аскерлерин бирге колдонуу боюнча өзүнчө келишим бар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз