Белгисиз адамдар Балыкчы-Бишкек багытындагы поездинин айнегине таш менен урушкан

27-июлда саат 22:54 чамасында Балыкчы — Бишкек-2 багыты боюнча каттаган №609  жүргүнчү поезди Новопокровка айылынан чыгып бара жаткан учурда, белгисиз адамдар аны жүрүп бараткан жеринен эки тарабынан атайылап таш менен ургулашкан. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалымат боюнча, таштардын бири вагондун терезесинин айнегин сындырып, вагондун ичине кирген.

Окуянын кесепетинен бир нече вагондун терезелери талкаланып, ишканага материалдык зыян келтирилди. Темир жол кызматкерлери тарабынан талкаланган терезелер кыска мөөнөттө алмаштырылды.

Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз