Бишкек мэриясы жеке унааларга чектөө киргизүүнү көздөөдө

Бишкек мэриясы борбор калаанын транспорт системасын өнүктүрүүдө коомдук транспортко артыкчылык берүүнү жана шаардагы транспорт эң көп жүктөлгөн аймактарда жеке унааларды колдонуунун өсүшүн чектөөнү сунуштоодо, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Президенттин «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алуу жөнүндө» жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, транспорт маселелерин чечүү үчүн ведомстволор аралык штаб түзүлөт. Аны Бишкек шаарынын мэри жетектейт. Штаб 2026–2030-жылдарга карата борбор калаанын транспорт системасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү план иштеп чыгат. Планда жол тармагын өнүктүрүү, акылдуу транспорт системаларын киргизүү, жол кыймылын жакшыртуу, коомдук транспортту өнүктүрүү жана керектүү инфраструктураларды куруу каралган.

Мэриянын маалыматы боюнча, Бишкекте унаалардын санынын өсүшү, Чүй облусунан шаарга каттап иштегендердин көбөйүшү жана шаардын аймагынын кеңейиши жол тыгыны көйгөйүн күчөттү. Учурда борбордо 400 миңден ашык унаа катталган. Ал эми шаар алгач болжол менен 50 миң унаага ылайык болгон. Жолдорду кеңейтүү мүмкүнчүлүгү курулуштардын тыгыз жайгашкандыгынан жана чыгымдардын көптүгүнөн улам чектелүү.

Мэрия жолдорду пайдаланууда коомдук транспорт кыйла натыйжалуу экенин белгилейт. Бир автобус орточо 50 жүргүнчүнү ташып, 10–12 метр жол тилкесин ээлесе, жеңил унаа орточо 1–4 адамды гана ташыйт. 2022-жылдан бери Бишкекте муниципалдык транспорттун саны көбөйүп жатат. Учурда күн сайын каттамдарга 1300гө жакын автобус жана электробус чыгып, 800 миңге жакын жүргүнчүнү ташууда.

Жарлык кабыл алынган учурда штабдын чечимдери мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалар үчүн милдеттүү болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз