8 жаштагы кыздын бөлмөсүнө бейтааныш эркек кирген. Аны милицияга алып кетишти
Балага карата ыплас аракеттерди жасоого шектелген жаран кармалды, деп билдирди 31-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.
Арыз ээсинин айтымында, окуя 4-июлда таңкы саат алты жарымдар чамасында болгон. Келин мейманкананын бөлмөлөрүн тазалап жаткан маалда, кызы кызматкерлерге арналган бөлмөдө болгон. Кийин ал апасына бөлмөгө эркек киши киргени тууралуу билдирүү жөнөткөн. Жерине кесиптештери менен жетип барган эне бөлмөдө ич кийими жок эркек кишини аныктап, сыртка чыгарышкан.
Бул факт КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыплас аракеттер) менен катталып, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 1996-жылы туулган Б.Т. аттуу шектүүнү кармашты.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

