Орусияда кыргыз жараны апасын өлтүрүп, башын кесип салганга шектелүүдө

Орусиянын Екатеринбург шаарында 41 жаштагы аял киши өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Uralweb.ru басылмасына шилтеме берүү менен "Сводка АКИпресс" басылмасы жазды. Кылмышка анын 21 жаштагы уулу, Кыргызстанда туулган Куванчбек Т. шектелүүдө.

Россиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусундагы башкармалыгынын маалыматында айтылгандай, 30-октябрда полицияга Юго-Западный токой багынан башы жок аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Маркумдун үстүндө кийим да, документтер да болгон эмес. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү (“Киши өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Дактилоскопия (бармак издери) аркылуу маркумдун ким экени аныкталган. Ал — Борбор Азиянын бир өлкөсүнүн жараны, 1984-жылы туулган. Ал 2023-жылы Россияга келип, Екатеринбург шаарындагы соода борборлорунун биринде техникалык кызматкер болуп иштеген.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, аял уулу менен жашаган — ал 2004-жылы туулган, расмий түрдө эч жерде иштебеген. Сурак маалында жаш жигит кылмышты мойнуна алып, апасынын сөөгүн кайсы жерге таштаганын жана башы менен жеке буюмдарын кайсы жакка жашырганын көрсөтүп берген. Алар да ошол эле токой багынан, сөөгүнөн болжол менен 200 метр аралыкта табылган.

Екатеринбургдун Ленин райондук соту Куванчбек Т.-ны камакка алган.

ЖМКлардын шектүүнүн көрсөтмөлөрүнө шилтеме берип жазганына караганда, кылмыш апасынын сөзүнөн улам болгон. Анын айтымында, апасы ага: «Сени кичинеңде эле өлтүрүп салбаганым өкүнүчтүү» — деп айткан, ал бул сөздү басынтуу катары кабыл алган.

«Жигит апасы менен сүйлөшүп, мамилесин оңдоп алууну каалаган, бирок жаңжал чыгып кетсе деп, өзүн коргоо үчүн бычак алып чыккан. Ал аялдын моюнуна бир эле жолу так сокку урган — бул үчүн ал ресторанда эт менен иштеп жүргөндө алган көндүмүн жана халал ыкмасы менен мал союудагы тажрыйбасын колдонгон. Кылмыш куралы токойдогу таштанды челектен табылган», — деп жазат басылма.

Адвокаттын айтымында, бул окуя үй-бүлөлүк чыр жана жеке кастык мамиле негизинде болгон.

«Бул — өз ара чыр-чатак, балалыктагы травмалар же мүмкүн психикалык бузулуу себеп болгон иш. Алар Екатеринбургдун “Академический” районуна батир көрүүгө барышкан, бирок ошол жерде уруш чыгып, трагедия менен аяктаган», — деди жактоочу тарап.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз