Камчыбек Ташиев Бишкек сотуна даттанды

Камчыбек Ташиев өзүнө карата чыккан өкүм боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанды. Бул тууралуу 30-июлда «АКИpress» редакциясына анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

2-июлда Биринчи май райондук соту 8 адамга карата өкүм чыгарган:

- Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары - УКМКнын мурдагы төрагасы — Камчыбек Ташиев;

- мурдагы башкы прокурор жана мурдагы депутат — Курманкул Зулушев;

- парламенттин мурдагы төрагасы — Нурланбек Тургунбек уулу;

- ички иштер министринин мурдагы орун басары — Курсан Асанов;

-  мурдагы депутат — Аалы Карашев;

- саясатчы — Эмилбек Узакбаев;

- саясатчы — Бекболот Талгарбеков;

- президенттин парламенттеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү — Курманбек Дыйканбаев.

Алардын баары «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча акталышкан, бирок бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп табылган. Аларга 3 жылга шарттуу жаза берилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз