Бишкекте кыздар мушташты
Бишкектеги кафелердин биринде кыздардын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу 4-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
2004-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Ш.А. социалдык тармак аркылуу түз эфир жүргүзүп жаткан учурда мекеменин башка кардары менен жаңжал чыгып кеткен. Оозеки кайым айтышуу кийинчерээк мушташка айланып, андан соң Ш.А. милицияга кайрылып, сабалганын билдирген.
Аталган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгына жараша окуяга юридикалык баа берилет.
Буга чейин Ш.А. борбор калаанын тургунун өзүн зордуктоого айыптаган. Анын айтымында, кылмыш 21-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы эс алуу жайларынын биринин жээгинде тигилген чатырда болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

