Өлкөдө маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров "Маркумду узатуу жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбооруна кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 25-июнунда кабыл алынып, сөөк коюу тартибин жана крематорийлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдерди тактоого багытталган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, колумбарийлер тууралуу жана сөөктүн күлү салынган урналарды жерге берүүгө тиешелүү жоболор мыйзамдан алынды. Ошондой эле каза болгондорду көмүүнүн ыкмасы катары кремациялоо боюнча айрым ченемдер күчүн жоготту деп таанылды.

Жаңы редакцияда «кремация» түшүнүгү медициналык ишмердүүлүктүн натыйжасында пайда болгон биологиялык объектилерди санитардык максатта атайын техникалык курулмаларда өрттөө катары аныкталган. Бул учурда крематорий адамдын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, медициналык мекемелердеги биологиялык калдыктарды (органдар жана ткандар) санитардык талаптарга ылайык жок кылуу үчүн гана колдонулат.

Мыйзамдын өзүнчө беренеси эми крематорийлерди түзүүнү жана колдонууну жөнгө салат. Атайын курулмалар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъектилердин эсебинен түзүлүшү мүмкүн.

Мындан сырткары крематорийлерди каза болгон, өздүгү такталбаган жана ээси табылбаган сөөктөрдү, ошондой эле бойдон алдырылган түйүлдүктөрдү же төрөлгөндө чарчап калгандарды өрттөө үчүн колдонууга тыюу салынат. Алар ички иштер органдарынын макулдугу менен көрүстөндөрдөгү бөлүнгөн тилкелерде сөөк коюу маселелери боюнча атайын кызмат тарабынан жерге берилет.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз