Орусия Киевге сокку уруп, 3 адам каза болду
8-августка караган түнү Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аймагына ракета жана дрондор менен сокку урду. Бул тууралуу Украина Куралдуу күчтөрү билдирди.
Орусиялык аскерлер жалпысынан 6 ракета жана 151 дрон учурушкан. Украинанын абадан коргонуу күчтөрү 135 дронду атып түшүргөн.
Киев облусунда Бровары районундагы Пуховка айылы соккуга кабылганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Анда жеке турак үй өрттөнгөн. Кырсыктан 3 адам, анын ичинде бир бала каза болуп, 3 адам жаракат алган.
Ушул эле айылдагы өнөр жай ишканасынын аймагында дагы бир өрт катталган. Ал жерде кампа күйгөн, бирок Өзгөчө кырдаалдар кызматы бул кандай ишкана экенин тактаган жок.
Киев шаарында эки район соккуга кабылды. Голосеев районунда гараждар жана турак эмес имарат өрттөнгөн. Оболонь районунда ишкананын аймагында өрт башталган. 4 адам жабыркап, алардын үчөө ооруканага жеткирилди. Бир адам каза болду.
Чернигов облусунда дрондун соккусунан улам Прилуки районундагы кампа өрттөндү. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Днепропетровск облусунда орус аскерлеринин соккусуна 6 район кабылган. Турак үйлөр, унаалар, инфраструктуралык объекттер жана кампалар, анын ичинде дан сакталган кампалар зыян тарткан.
Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери Киевдеги аскердик өнөр жай ишканасына жана күйүүчү-майлоочу майлар сакталган кампага сокку урганын билдирүүдө.
Бул Орусиянын Киев жана Киев облусуна бир апта ичинде жасаган экинчи чабуулу. Буга чейин орус аскерлери 5-августта массалык сокку урушкан. Ал учурда маркетплейстер жана логистикалык борборлор соккуга кабылып, 17 адам каза болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

