Кырчында 20 жаштагы жигитти ат сүйрөп кетип, каза болду
Кырчын капчыгайында 20 жаштагы жигитти ат сүйрөп кетти.
Алдын ала маалымат боюнча, жигит ээрден кулап түшүп, буту үзөңгүгө илинип калган. Башка атчандар жаныбардын артынан кууп, бир топ убакыттан кийин гана токтото алышкан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2006-жылы туулган жабырлануучу Ананьево айылындагы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер өлүм фактысын катташкан. Жигиттен баш сөөгүнүн ачык жаракаты жана бир канча жаракат аныкталган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

