Дүкөндөгү ун, май жана чайдын кутуларынан марихуана табылды
Соттук-эксперттик кызмат буга чейин дүкөндөн алынган продукцияда баңгизат бар экенин аныктады. Бул тууралуу 10-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 2026-жылдын июль айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Instagram′дагы «kendir_too» аккаунту аркылуу каннабис өсүмдүгүн камтыган продукцияларды жарнамалап, сатып жүргөн жарандардын ишин токтоткон.
Айыпталуучулар башкарган «М» дүкөнүнө тинтүү жүргүзүү учурунда чай, ун, май, спрей жана витамин капсулалары алынып, продукциялар экспертизага жиберилген.
6-августтагы корутундуга ылайык, үлгүлөр каннабис саманынын концентратын (марихуана) камтыйт.
ИИМде белгилешкендей, марихуана көзөмөлдөнүүчү баңгизаттардын тизмесине киргизилген жана аны Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган.
Буга чейин бул иш боюнча үч жарандык активист кармалган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

