УКМКнын төрагалыгы астында антитеррордук операция өткөрүлдү
9-июнга караган түнү УКМКнын кызматкерлери «Катиба аль-Таухид валь-Жихад» жана «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмдарынын активдүү мүчөлөрүн нейтралдаштыруу боюнча антитеррордук атайын операция өткөрүштү.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, экстремисттер укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана диний ишмерлерге карата теракт жасоону пландашкан.
Ош, Кызыл-Кыя шаарларында, Кара-Суу районунда жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында антитеррордук операциянын укуктук режими киргизилген. Түзүлгөн ыкчам штабдардын курамына ИИМдин, Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилиги жана Ош шаардык мэриясы кирди.
Натыйжада 31 шектүү кармалды, алардын ичинен 11и Ош облусунда, 20сы Баткен облусунда.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалгандардан диний-экстремисттик адабияттар, экстремисттик материалдары бар электрондук алып жүрүүчүлөр, катталбаган төрт даана ок атуучу курал, террористтик уюмдардын символикасы жана акча каражаттары табылды.
Атайын операциянын жүрүшүн кырдаалдык борбордон реалдуу убакыт режиминде УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жетектеди. Ал аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине кырдаалга катуу көзөмөл жүргүзүүнү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды. Ошондой эле кармалгандардын байланыштарын андан ары текшерүү, алардын мүмкүн болгон шериктерин аныктоо жана мыйзамсыз ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын табуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
«Атайын операция мыйзамдарга катуу ылайык келтирилүү менен өттү. Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иштин бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон кошумча эпизоддорду аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

