Италиялык мушкер айым кыргыз кызынан кечирим сурады

Кыргызстандык спортчу Бактыгүл Курманбекова кытайлык «JCK MMA» лигасында кезектеги беттешин өткөрдү.

22 жаштагы кыргызстандык мушкер 8-августта италиялык Чиара Пенкого каршы октагонго чыккан.

Биринчи раундда италиялык мушкер жыгылып калган. Курманбекова аны жеңүүгө аракет кылып жатып, колун алдырып жиберген. Пенко ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып, оорутуучу ыкманы ийгиликтүү жасады.

Жыйынтык жарыялангандан кийин италиялык спортчу тизелеп, келтирилген жаракат үчүн кыргызстандык мушкерден кечирим сураган.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз