Садыр Жапаров: Ташиевди президент кылып коюп, эс алайын дегем

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди президент кылуу планы болгонун билдирди. Ал бул тууралуу журналист Али Токтакуновго берген маегинде айтты, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

13-августта жарыяланган видеодо ал Ташиевде кандай кемчиликтер болгонун да айтып берди.

Маектин үзүндүсү:

Жапаров: Биз таанышканыбызга 20 жыл болду — 2005-жылы парламентке депутат болуп келгенден бери. Дос болдук, чай ичишип жүрдүк. 2020-жылы мен абактан чыгып, бийликке келгенден кийин аны УКМКнын башчысы кылып дайындадым. Ал беш жыл жакшы иштеди.

Бирок анын бир кемчилиги болду: жакындарына, классташтарына, группалаштарына дейбизби, ошолорго көз сала албай, көзөмөлдөй албай калган үчүн кызматтан кетти. Адам болгондон кийин кемчилик болбой койбойт. Баарыбыз эле жаңылабыз. Иштебеген адам гана жаңылышпайт. Биз пайгамбар эмеспиз.

Биз дос бойдон калабыз, бирок аны мамлекеттик кызматка кайтаруу планым жок. Ал эс алышы керек. Балким, саресеп салып, ката кетирген учурларын эстеп, түшүнөр. Бирок азырынча кызматка келбейт.

Жалаң эле ката кетирди дегенден алысмын, эмгеги бар. Эл көрүп турат. Ийгиликтери бар. Коюлган тапшырмаларды чагылгандай тездик менен аткарып, ошол эле күнү кечинде жооп берчү.

Акыркы эки жылда какшап айттым. Элде мындай кеп жүрөт: "Криминалдын мүлкүн жарымын төгүп, жарымын менчиктеп алып жатат", - деп атышат. Кустургандардын жарымын чөнтөгүнө кустуруп атышат десем эле, "Мен барып текшерип келейинчи" деп, 2 күндөн кийин кагазын көтөрүп келип, "Кызматтык иликтөө жүргүздүм, таптаза экен" деп келе берди. Кызматтан алгандан кийин башын шылкыйтып туруп айтты: "Ката кетириптирмин, сенин айтканыңды уксам болмок экен", - деп.

Мен эми кеч болуп калды дедим.

Журналист: Ал кызматтан кеткенден кийин жолуктуңуздарбы? 

Жапаров: 1-2 жолу кабыл алдым. Ошондо мен ага бардык кемчиликтерин айттым. "Көрдүңбү?" - деп сурадым. «Көрдүм. Мен ката кетириптирмин. Көзөмөлдөбөй, жакындарыма ишенип жүрө бериптирмин», - деп жооп берди.

Эду [УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков] жана башка адамдарга ишенип жүрө бергенин айтты. 

Журналист: Сиз мурда тергөө чечсин деп айткансыз. Биринчи инстанциядагы сот аны күнөөлүү деп таап, пробациялык көзөмөл дайындады. Азыр ал кийинки инстанцияга кайрылды. Эгер кийинки инстанция аны актаса эмне болот? Ал кайра сиздин командага кошулушу мүмкүнбү? Президенттик шайлоого баруу ниети жок экенин айтып келе жатат.

Жапаров: Биз сотко басым жасабайбыз. Сот кандай чечим кабыл алса, ошондой болот. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгын күтөлү.

Ал эми шайлоо боюнча, аны кызматтан бошоторумда айткам: «Эгер шайлоого катышкың келсе, жол ачып берейин. Салмагыңды билип аласың. 

Ал ошондо эле: «Мен катышпайм. Сага каршы шайлоого барбайм», - деди.

Кийин ал: «Мен аны колдойм, өзүмдүн командам менен колдоп чыгам», - деп жарыя кылды, аны көрдүм.

Журналист: Бирок башында мындай сөз болгонбу: «Алгач президент мен болом, андан кийин сага мүмкүнчүлүк берем», - деген.

Жапаров: Андай болгон эмес. Достору айтып жүрбөйбү: «Куран кармашкан, нан тиштешкен», - деп. Кудай карап турат. Соодалашуу болгон эмес.

Ушунча болду, ачык айтайын. Менин өзүмдүн планым бар болчу: алты жыл иштеп, 2027-жылы шайлоого барбай эле, даяр болсо, жакшы иштеп, тажрыйба топтосо, Камчыны президент кылып, өзүм эс алууга кетсемби деген планым болгон.

Журналист: Бул мөөнөттөн кийинби?

Жапаров: Ооба, бул мөөнөттөн кийин. 2027-жылдын январында шайлоо болот да. Менин ушундай планым бар эле. Өзүнө да айткам. 

Мен төрт жыл чет өлкөдө тентидим, төрт жыл түрмөдө чиридим. Алты жылдан бери конвой менен жүргөндөй эле абалдамын. Чачым агарды. Мен да эс алайын. Небере-чөбөрө бар дегендей, ошолорго көңүл бурайын дедим. 

Мен ага: «Даяр бол, айланаңды тазала, тарбияла», - деп айтчумун.

Бирок карасам, даяр эмес. Кызматкерлеринин баары тигинтип атат, айланасындагылары асманда жүрөт.

«75тин каты» боюнча депутаттарды экиге бөлүп башташканда, чакырып алып, айттым: «Мындай болбойт. Элди бөлбөш керек. Мен түндүк-түштүк деп бөлгөндөрдү катуу жазалайм. Эми эл биригип, бир Кыргызстан болуп жатса, ошол үчүн кызматтан алып жатам. Капа болбогун. Шайлоого катышам десең шарт түзүп берем», - дедим. 

Журналист: Сиз ага алдын ала айттыңызбы? Ал өзү күтүүсүз болгонун айткан эле.

Жапаров: Айтып туруп кызматтан алгам. Ал Германияда жүргөн. Мен ага телефондон айткам: «Бул жерде мындай болуп жатат. Парламентте адамдарды экиге бөлүп жатышат».

Ал: «Бул сенин чечимиң. Менин каршылыгым жок», - деп жооп берди.

Күтүүсүз болду дегени, эми күтүүсүз болот да, телефон чалып, кызматтан бошотуп жатканымды айтып жатсам.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз