Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды
Рысгүл Акимжанова суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындан сырткары мекеменин айрым башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалып, алар министрликтин жамаатына тааныштырылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

