Кыргызстандагы эң бат чуркаган спортчу эң бат чуркаган спортчу кызга үйлөнөт
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстан курамасынын өкүлү Нурсултан Кеңешбеков курамадагы кесиптеши Айнуска Калил кызынын колун сурады.
Салтанаттуу учур 17-августта Ысык-Көлдө болду.
«Ал "ооба" деди», - деп билдирди Кеңешбеков.
Үйлөнүү үлпөт той сентябрь-октябрь айларында Жапонияда өтө турган Азия оюндарынан кийин пландалууда.
Нурсултан Кеңешбеков жеңил атлетика боюнча эркектер арасында бир нече жарыштарды уткан болсо, Айнуска Калил кызы аялдар арасындагы жарыштардын жеңүүчүсү болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

