Айнуска Калил кызы Алматыда жарым марафонду жеңди

Спортчу Айнуска Калил кызы Алматыда өткөн жарым марафондо жеңүүчү болду.

Жарыш 28-сентябрда өттү.

Кыргызстандык спортчу 21 км 97 метр аралыкты 1 саат 17 мүнөт 32 секундда чуркап өтүп, айымдар арасында биринчи болуп марага жетти.

2024-жылы да Калил кызы ушул аралыкта ушул эле жарышта жеңишке жеткен. Бирок аны сыйлап бүткөндөн кийин калыстар дисквалификация кылышкан. Себеби — ал суу өткөрүүчү пункттардан эмес, сырттагы адамдардан суу алган.

Маалыматка караганда, кыргызстандык спортчунун четтетилишин Беларусиялык спортчу Светлана Куделичтин машыктыруучусу жана күйөөсү талап кылган. Ал төртүнчү болуп келген, бирок Калил кызын дисквалификациялашкандан кийин үчүнчү орунду алган.

2025-жылы Куделич кайрадан Калил кызынан артта калып, экинчи орунду ээледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз