Оштогу эстакадалык көпүрө жакында пайдаланууга берилет

Бүгүн, 18-август күнү Курулуш министри Орунтаев баштаган жоон топ Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан эстакадалык көпүрөгө барды. 

Учурунда эч кандай келишими, курулуш документтери жок башталган көпүрөнүн курулушу эми документтештирилип, аягына чыкканы калганын белгилеген министр курулуштун сметалык баасы 500 млнго жакын экенин, анын 200 млнун буга чейин которулганын, калганы курулуштун жүрүшүнө жараша бөлүнүп жатканын айтты. 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан Ош шаарынын батыш тарабындагы Б. Осмонов, Г. Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрө курулууда.

Долбоорду каржылоо Турукташтыруу фонду тарабынан жүргүзүлүүдө. Эстакаданын узундугу 84 метрди, ал эми ага байланышкан жолдун узундугу 334 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө эстакаданы монтаждоо, бетон, таяныч дубалдарды,  жана тосмолорду орнотуу иштери 100 пайыз аткарылды. Учурда жолго асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун ишке ашырылышы Ош шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз