Бишкекте башка дамдын батирин сатууга шектүү жаран кармалды

Бишкекте башканын батирин алдап өзүнө каттатып, кийин үчүнчү тарапка сатып жиберүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, милицияга М.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда К.Ж. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү алдоо жолу менен арыз ээсинин ишениме кирип, анын менчигиндеги батирди убактылуу өз атына өткөрүп, андан соң аталган батирди мыйзамсыз ээлеп алып, кийин үчүнчү тарапка сатып жиберген.

Натыйжада жабырлануучуга 4 млн 810 миң 892 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1984-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана ишке тиешеси бар бардык адамдардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз