Сот "Пахта" каймана аты менен белгилүү Мурат Рамоновго 200 миң сом айып пул салды

10-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Мурат Рамоновго карата өкүм чыгарды.

Райондук соттун басма сөз кызматынан «АКИpress» редакциясына билдиришкендей, Рамонов Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Сот аны 200 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирип, камактан бошотту.

3-апрелде саат 16:15 чамасында Бөкөнбаев менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинен кайгуулчулар «Лисян» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан, бирок айдоочу документтерин көрсөтүүдөн жана унаадан чыгуудан баш тарткан. Ал тургай окуя болгон жерден качып кеткен.

Кайгуулчулар артынан түшүп, аны жакын жердеги көп кабаттуу үйдүн короосунан кармашкан. Айдоочу короого кирип, дарбазаны жабууга аракет кылган. Инспекторлор аймакка кирип келишкенде, ортодо пикир келишпестик орун алып, айдоочу милиционерлерге баш ийбей, аларды тилдеген.

Айдоочу 36 жаштагы Мурат Рамонов болуп чыкты. Аны наркологияга жеткиришкенде, анын баңгизат колдонгону аныкталган.

Рамоновго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн. Соттон кийин ал Бишкек милициясынын атайын кабыл алуу жайына үч суткага камалган.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Тинтүү учурунда анын үйүнөн күрөң-жашыл түстөгү заты бар ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат гашиш болуп чыккан. Андан кийин Рамоново 21-тергөө абагына камалган.

Бул Рамоновдун биринчи жолу камалышы эмес.

2023-жылдын 30-октябрында ал УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал кылмыштуу жол менен жыйналган Камчы Көлбаевдин [2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМК тарабынан жок кылынган] активдерин мыйзамдуу түргө келтирүү максатында өз атына каттатып, андан кийин айрым саясатчыларга өткөрүп берип турган деп шектелген.

2024-жылдын 10-январында сот аны эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен бошоткон, ал эми 2024-жылдын 2-августунда Рамоновго карата козголгон кылмыш иши токтотулган.

Анын ысымы социалдык тармактарда кайрадан аталган. 14-февралда спортчу, бизнесмен, УКМК кызматкерлери, майда чиновник, милиционер жана башка адамдардын сүрөттөрү бар видео тараган. Роликтин авторлору аларды УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун «40 чоросу» деп аташкан. Алардын арасында «Пахта» деген каймана атка ээ болгон Рамонов да бар болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз