Кыргыз жарандарына Кытайга визасыз кирүүгө уруксат берилди

20-августтан тартып Кыргызстандын жарандары Кытай аркылуу 10 күндүк (240 саат) визасыз транзитти колдоно алышат, ошондой эле Хайнань провинциясында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу КЭРдин Улуттук миграция башкармалыгы (NIA) билдирди.

Өзгөртүүлөрдөн кийин Кытай аркылуу 240 сааттык визасыз транзиттен пайдалана алган өлкөлөрдүн саны 57ге, ал эми Хайнанда визасыз режимди колодоно алган мамлекеттердин саны 61ге чейин көбөйөт.

Кыргызстандын жарандары, эгерде үчүнчү өлкөгө бара турганын тастыктаган билеттери болсо, Пекин жана Шанхай шаарларындагы пункттарды кошо алганда, 65 өткөрүү пункту аркылуу Кытайга визасыз кире алышат. Транзит үчүн уруксат берилген райондордо 240 сааттан ашык эмес, башкача айтканда 10 суткага чейин калууга болот.

Ошондой эле кыргызстандыктар Хайнань провинциясына визасы жок кирип, ал жерде 30 күнгө чейин боло алышат. Мындай визасыз режим Хайнандын административдик аймагына гана тиешелүү болот.

Эки режимдин алкагында тең туристтик, ишкердик максатта, туугандарга жана тааныштарга баруу үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга уруксат берилет. Бирок иштөө, окуу, журналисттик ишмердүүлүк жана алдын ала уруксатты талап кылган башка ишмердүүлүк түрлөрү үчүн мурдагыдай эле тийиштүү кытай визасын алуу зарыл.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз