"Ак-Кеме" мейманканасы 15 жылга ижарага берилди
«Ак-Кеме» мейманканасы инвесторго 15 жылга айына 60 миң доллар төлөө шарты менен берилди. Андан кийин мейманкана мамлекетке кайтарылышы керек, деп билдирди 24-августта президент Садыр Жапаров мейманкананы реконструкциядан кийин ачуу аземинде.
Ижаранын шартына ылайык объектти үч жылдыздан беш жылдыздуу деңгээлге чейин модернизациялоо керек.
Ижара акысынан тышкары инвестор коммуналдык жана башка зарыл төлөмдөрдү төлөйт.
«2023-жылы мейманкананын бир гана коммуналдык кызматтар боюнча 30 миллион сом карызы бар болчу», - деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, мейманкана тийиштүү деңгээлде каралбагандыктан карызга батып, иш жүзүндө жараксыз абалга келип калган.
2023-жылы мейманкана Президенттин иш башкармасынын карамагына өткөрүлүп берилип, андан кийин объектти модернизациялоо иштери башталган.
2024-жылдын жайында инвестициялык макулдашуунун негизинде мейманкана «Саякат Курулуш» компаниясына ижарага берилгенин Президенттин иш башкармасы маалымдады. Жаңыртуу иштерине подряддык уюмдар, анын ичинде «Бай Таш Групп» тартылган.
Маалымат:
- Бөлмөлөр: 9 түрдүү категориядагы 174 номур (аянты 24 чарчы метр болгон Standard Twin'ден баштап, аянты 100 чарчы метр болгон Presidential Suite'ке чейин).
- Аянты 308 чарчы метр жана 200гө чейин конокту батыра алган конференц-залы бар.
- Гастрономия: биринчи кабатта аянты 327 чарчы метр болгон ресторан, экинчи кабатта 12 VIP-бөлмөсү бар барлар жана ресторан, 14-кабатта панорамалык терраса орун алат.
- Инфраструктура жана эс алуу: аянты 985 чарчы метр болгон SPA & Fitness комплекси, анын ичинде 273 чарчы метрдик машыгуу залы, 22 чарчы метрлик йога залы жана 25х10 метрлик бассейн жайгашат.
- 80 орундуу автоунаа токтотуучу жай болот.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Саякат Курулуш» компаниясы 2024-жылдын 28-майында катталган жана 2025-жылдын 14-октябрында кайра каттоодон өткөрүлгөн. Ишмердүүлүктүн негизги багыты — мейманкана иши. Компаниянын жетекчиси Ли Жиачи, ал эми ээлери Данияр Алыбаев, Саламат Ибраев жана Бегайым Майрыкеева болуп саналат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


