Кыргыз футбол биримдиги европалык адистен баш тартып, жергиликтүү машыктыруучуга үмүт артабы?

25-августта Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки менен кызматташууну токтотконун жарыялады. Ошол эле күнү «Талант» клубунун башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов «Ак шумкарларды» жетектей турганы белгилүү болду.

КФБдеги кадрдык өзгөрүү футбол күйөрмандарынын арасында ар түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар федерациянын чечимин колдосо, башкалары мындай кадамга күмөн саноосун билдирүүдө. Ал эми жаңы машыктыруучунун алдында убакыт аз болгондуктан, алдыда чоң жоопкерчилик турат.

Просинечки менен эмне үчүн кош айтышты?

«Барселона» жана «Реал Мадрид» сыяктуу атактуу клубдарда ойногон Роберт Просинечки 2025-жылдын 10-декабрында Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Хорватиялык адистин жетекчилиги астында Кыргызстан төрт жолдоштук беттеш өткөрдү. Анын экөөсүндө команда жеңилип, экөөндө тең чыгуу менен чектелди:

  • 25-март — Кыргызстан 0:1 Экватордук Гвинея;
  • 28-март — Кыргызстан 2:5 Мадагаскар;
  • 6-июнь — Кыргызстан 0:0 Палестина;
  • 9-июнь — Кыргызстан 0:0 Палестина.

Просинечкинин алгачкы мезгилинде жаш футболчуларга мүмкүнчүлүк берилип, курамдын негизги өзөгүн түзүү аракети жүрүп жатканы айтылган. Бирок жыйынтыктардан тышкары, команданын оюнундагы көрүнүш да суроо жаратты.

Футбол боюнча эксперт Тенгелбес Мусаев өзүнүн Телеграм-каналына жазгандай, , Просинечкинин кызматтан кетиши логикалуу чечим болгон.

«Кечээ Роберт Просинечкинин кызматтан кетиши жана анын ордуна Урмат Абдукаимовдун дайындалышы күтүүсүз чечимдей сезилиши мүмкүн. Бирок бул бир караганда гана ошондой. Албетте, мындай чечим бир күн, эки күн, атүгүл бир жума мурун эмес, кыйла эртерээк кабыл алынган. Андан кийин гана КФСтин аткаруу комитетинин жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынып, анын жыйынтыгында бул маалымат расмий жарыяланды», — деди ал.

Мусаевдин айтымында, маселе беттештердин жыйынтыгында гана эмес, улуттук кураманын оюнунун өзүндө.

«Статусу анчалык жогору эмес атаандаштар менен өткөрүлгөн жолдоштук беттештердин жыйынтыгы баарын айтып турат. Бирок кеп жыйынтыктарда гана эмес. Маселе, негизинен, улуттук кураманын оюнунун мүнөзүндө, тактап айтканда, анын дээрлик жоктугунда», — деди эксперт.

Ал өзгөчө июнь айында Палестинага каршы өткөрүлгөн эки беттешти мисал келтирди. Анын пикиринде, экинчи оюнда Артём Прядкиндин чеберчилиги болбогондо, Кыргызстан жеңилип калышы мүмкүн эле. Дарбазачы ошол беттештин мыкты оюнчусу аталган.

КФБдин мурдагы президенти Камчыбек Ташиев жана Просинечки.

Мусаев Просинечкинин командага кандай оюнду таңуулаганы тууралуу суроо жараларын белгилеп, анын дайындалышын «кезектеги ката» катары баалады.

«Просинечки өзүнүн футболчуларынан кандай оюн көргүсү келгенин же машыгуу жыйындарында аларга кандай футболду үйрөткөнүн билбейм. Бирок, балким, азыр аны менен кош айтышуу туура чечим болгондур. Анын дайындалышы кезектеги ката болгонун моюнга алуу керек. Башкы машыктыруучулук кызматка талапкерлерди тандоого мындан ары кыйла кылдат мамиле жасоо зарыл», — деди ал.

Ал эми көп жылдан бери футбол жаатында пикир айтып келген журналист Акылбек Орозматов Просинечкинин кызматтан кетишин убакыттын тардыгы жана команданын оюнундагы көйгөйлөр менен байланыштырды.

«Жыл айланбай, башкы машыктыруучу алмашып жатканы бир чети таң калычтуу. Анткени, Роберт Просинечки өткөн жылдын соңунда эле улуттук курамага келген. Анын башчылыгында болгону саналуу гана жолдоштук беттеш өттү. Ал оюндарда көңүл жубатаарлык жыйынтык болбогону жана оюндун жоктугу алдыдагы маанилүү турнирдин башталуусуна чейин ушундай чечим чыгарууга аргасыз кылгандар. Аны эми федерация билет. Убакыт аз, 2027-жылдын башында Азия кубогу оюндарына даярдыкты баштоо керек», — деди Орозматов.

Абдукаимовдун алдында кандай милдет турат?

Просинечкинин ордуна дайындалган Урмат Абдукаимов кыргыз футболуна жат адис эмес. Ал АФКнын «A» лицензиясына ээ. Буга чейин Кыргызстандын Олимпиадалык курамасын жана «Талант» клубун жетектеген. Мындан тышкары, КФБнын машыктыруучуларды даярдоо курстарында инструктор болуп эмгектенет.

Анын дайындалышын Акылбек Орозматов туура чечим деп эсептейт. Анын пикиринде, Абдукаимов кыргыз футболчуларынын көбүн жакшы билет жана жергиликтүү футболдун өзгөчөлүктөрүнөн кабардар.

«Урмат Абдукаимовдун дайындалышын туура эле деп ойлойм. Кыргызстандык машыктыруучу футболчуларыбыздын көбүн тааныйт жана кыргыз футболунан жакындан кабары бар адам. Анын үстүнө Абдукаимов Штефан Тарковичтин машыктыруучулар штабында улуттук курама менен иштеген тажрыйбасы бар. Көптү үмүттөндүргөн машыктыруучу. Бул жагынан алганда учурдагы туура чечим болду. Акыркы жылдары төбөсү көрүнүп калган машыктыруучу бул чакырыкты “аванс” деп кабыл алып, болгон дараметин көрсөтүүсү керек», — деди Орозматов.

Ал эми Тенгелбес Мусаев Абдукаимовдун алдында оңой эмес сыноо турганын белгилейт. Себеби «Талант» клубу учурда Жогорку Лиганын турнирдик жадыбалында 12-орунда турганына карабастан, анын машыктыруучусу өлкөнүн башкы командасына жетекчилик кылууга дайындалды.

«Ооба, бул чечим боюнча белгилүү бир скепсис жана күмөн саноолор бар. Жогорку Лиганын 12-орунда турган команданын машыктыруучусун дароо эле өлкөнүн башкы командасынын башкы машыктыруучусу кылып дайындоо — олуттуу кадам», — деди Мусаев.

Ошол эле учурда эксперт кыргызстандык адистердин арасынан Абдукаимовдон ылайыктуураак же бул жоопкерчиликти алууга даяр башка талапкер бар экенине күмөн санайт.

Мусаевдин пикиринде, Азия кубогуна аз убакыт калган шартта улуттук кураманы жетектөөгө макул болуу өзү чоң тобокелчилик.

«Азия кубогу алдында команданы жетектеп, анын карамагында болгону эки гана окуу-машыгуу жыйыны — сентябрдагы жана декабрдагы "оор шартта" иштөөгө ар ким эле макул боло бербейт. Бул көрүнүш эч ким ийгиликке кепилдик бере албаган абалда чоң тобокелчилик. Бул деген өзүнүн атын, аброюн, атүгүл карьерасын тобокелге салуу дегенди билдирет», — деди эксперт.

Анын айтымында, КФБнын расмий билдирүүсүндө азырынча Абдукаимовдун милдети команданы Азия кубогуна даярдоо катары гана көрсөтүлгөн. Демек, анын өзү турнирге бара турганы азырынча так кепилденген эмес.

Мусаевдин пикиринде, турнир башталар алдында башка, анын ичинде чет элдик машыктыруучу дайындалышы да мүмкүн. Мындай учурда команда ийгиликсиз оюн көрсөтсө, жаңы адис жоопкерчиликтен оңой эле четтей алат.

«Команданы мен даярдаган эмесмин, анын үстүнө убактым да жетиштүү болгон эмес» деп айта алат», — деди ал.

Улуттук курамадагы негизги маселе — убакыт

Абдукаимовдун алдында турган негизги милдеттердин бири — кыска убакытта команданы бир бүтүн организмге айлантуу. Бул үчүн футболчуларга өзүнүн оюн түшүнүгүн жеткирүү менен катар, команда ичиндеги микроклиматты түзүү да маанилүү.

Мусаевдин айтымында, оюнчулар жеке амбицияларын четке коюп, бир максаттын айланасына биригиши керек.

Мындан тышкары, кыргыз футболунда тандоо мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Айрым позицияларда футболчулардын саны аз болсо, негизги курамда туруктуу ойногондор андан да аз.

Айрыкча жаракаттар маселеси команданын абалын дагы татаалдаштырышы мүмкүн. Өткөн Азия кубогунун алдында Кичин менен Шукуровдун жаракат алып, курамга жардам бере албай калганы буга мисал.

Ошондуктан жаңы машыктыруучу үчүн негизги сыноо — колундагы чектелүү мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, кыска убакытта атаандаштыкка жөндөмдүү команда түзүү.

Азия кубогу жакындап калды

Кыргызстандын улуттук курамасы 2027-жылы Сауд Арабиясында өтө турган Азия кубогуна катышат. «Ак шумкарлар» «С» тайпасында Кытай, Иран жана Сирия менен бирге жайгашкан.

Континенталдык мелдеш 2027-жылдын 7-январында башталып, 5-февралда жыйынтыкталат.

Урмат Абдукаимовдун алдында убакыт анчалык көп эмес. Алдыда сентябрь жана декабрь айларындагы окуу-машыгуу жыйындары турат. Ушул кыска мөөнөт ичинде жаңы машыктыруучу команданын оюнун калыптандырып, футболчуларды бириктирип, Азиянын эң күчтүү командаларынын катарына кирген атаандаштарга каршы оюнга даярдашы керек.

Даярдаган: Бек Турган

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз