"UFC'нин чемпиондук курун Кыргызстанга алып келем": Оролбай уулу жеңилгенден кийин биринчи жолу комментарий берди

Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу UFCдеги күтүүсүз жеңилүүсүнөн кийин биринчи жолу комментарий берди.

Ал 16-августта АКШнын Филадельфия шаарында өткөн UFC 330 турниринде беттешип, үчүнчү раундда америкалык мушкерге муунтуу ыкмасы менен утулуп калган.

Беттештин жүрүшү негизинен кыргызстандык мушкердин пайдасына өтүп, беттештин аякташына аз калган. Оролбай уулу ишенимдүү аракет кылып жаткан. Бирок акыркы беш мүнөттүктө атаандашынын бир бутунан өтүүгө жасаган аракетинен кийин муунтуу ыкмасына кабылып, жеңилүү ызасын тарткан.

«Акыркы беттешим боюнча абдан көп сөз болуп жатат. Мен толук даярдангам, бирок жеңишке жетишүү бизге жогорудан буйурган эмес окшойт. Бул жеңилүүдөн кийин алдыда бизди көптөгөн жакшы нерселер күтүп турат деп ишенем.

Мен жеңилсем да, силер мени абдан колдодуңар.

Силерге сөз берем: эгер тагдыр буюрса, UFC'нин чемпиондук курун Кыргызстанга алып келем.

Мындан ары да мени колдоп тургула!» — деди Оролбай уулу кайрылуусунда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз