Мыктыбек-Жеремайя: Ким фаворит?

16-августка караган түнү АКШнын Филадельфия шаарында Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC 330 турниринин алкагында кезектеги беттешин өткөрөт. Анын атаандашы — АКШлык Жеремайя Уэллс. Беттеш жарым орто салмакта, башкача айтканда, 77 килограммга чейинки салмак категориясында өтөт.

Жеремайя Уэллс

Жеремайя Уэллс профессионалдык карьерасында 13 жеңишке жетип, 4 жолу жеңилип, бир беттешин тең чыгуу менен аяктаган.

Америкалык мушкер UFC'деги дебютун 2021-жылдын июнь айында өткөрүп, атаандашын экинчи раундда нокаут менен жеңген. Дүйнөдөгү эң ири MMA уюмунда беш жыл ичинде жети беттеш өткөрүп, анын бешөөндө жеңишке жеткен. Үч жеңишин мөөнөтүнөн мурда камсыздаган.

Уэллс UFC'деги бардык беттештерин жарым орто салмакта өткөргөн. Бою — 175 сантиметр, колунун узундугу — 180 сантиметр.

Америкалык мушкер оң стойкада күрөшөт. Аны сокку урууда өзгөчө чебер мушкер деп айтууга болбойт. Көпчүлүк беттештеринде ал кең, сермеп сокку урууну колдонот. Мындай ыкма аны атаандашынын каршы чабуулдарына алсыз кылат.

Бирок соккусу так тийсе, атаандашына олуттуу зыян келтире алат. Анын эки беттеши дал стойкадагы ийгиликтүү чабуулдардан кийин нокаут менен аяктаган.

Уэллстин негизги артыкчылыгы — күрөшү. Дал ушул компоненти ага мөөнөтүнөн мурда жеңиштеринин бирин муунтуу ыкмасы менен камсыз кылган.

Мындан тышкары, америкалык мушкер коргонууда да жакшы аракеттенет. Күчтүү балбандарга каршы беттештерде ал оорутуучу жана муунтуу ыкмаларына ийгиликтүү туруштук берип, ыңгайсыз абалдан чыгуу үчүн ылайыктуу учурду сабырдуулук менен күтө алат. Андан соң позициясын өз пайдасына өзгөртүүгө аракет кылат.

Ошол эле учурда Уэллсти Мыктыбектин карьерасындагы эң олуттуу сыноо деп айтуу кыйын. Кыргызстандык мушкер буга чейин тажрыйбасы жана аты Уэллстен белгилүүрөөк болгон Жек Херманссон, Крис Кёртис жана Элвес Бреннер сыяктуу мушкерлер менен беттешкен.

Мыктыбек Оролбай уулу

Акыркы үч жылда Мыктыбек Оролбай уулу UFCдеги эң таанымал кыргызстандык мушкерлердин бирине айланды.

Учурда анын профессионалдык рекорду — 16 жеңиш жана 2 жеңилүү.

UFCде үч жылга жетпеген убакыт ичинде алты беттеш өткөрүп, анын бешөөндө жеңишке жеткен. Кыргызстандык мушкер үч беттешти мөөнөтүнөн мурда аяктаган: экөөндө оорутуучу ыкма менен, биринде нокаут аркылуу жеңишке жеткен.

Мыктыбектин UFCдеги жалгыз жеңилүүсү польшалык мушкер Матеуш Ребецкиге каршы беттеште болгон. Ал кармаш калыстардын бөлүнгөн чечими менен аяктаган. Беттеш ушунчалык тең өткөндүктөн, жеңишти эки мушкердин тең бирине берсе болчудай болгон.

Кыргызстандык мушкер да оң стойкада чыгат. Анын негизги артыкчылыктары — ылдамдыгы, бут менен иштөөсү жана нокаутка жөндөмдүү соккулары.

Оролбайдын маанилүү артыкчылыктарынын бири — колунун узундугу. Анын колунун узундугу 188 сантиметр, ал эми атаандашыныкы — 180 сантиметр. Бул Мыктыбекке аралыкты жакшы сактап, каршы чабуулдарды натыйжалуу колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Сокку техникасында кыргызстандык мушкер көбүнчө лоу-киктерди, башкача айтканда, бутка багытталган төмөнкү соккуларды колдонот. Алар атаандашынын кыймылын жайлатып, беттештин ыргагын бузууга жардам берет.

Бирок Мыктыбектин алсыз жактары да бар. Буга чейинки беттештеринде ал клинчтен чыккан учурда бир нече жолу сокку өткөрүп жиберген. Уэллске каршы кармашта бул маанилүү фактор болушу мүмкүн, анткени америкалык мушкердин соккусу кыйла оор.

Мыктыбек стойкада да, партерде да өзүн ишенимдүү сезет. Күчтүү грэпплингинин аркасында ал UFCде муунтуу жана оорутуучу ыкмалар менен эки мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.

Анын стилиндеги өзгөчөлүктөрдүн бири — атаандашын партерге тез которо алышы. Аралык кыскарган учурда күтүүсүздөн бутка өтүп, тейкдаун жасай алат.

Бирок дал ушул багытта Мыктыбек олуттуу каршылыкка туш болушу мүмкүн. Уэллс коргонууда жакшы иштейт жана атаандашынын каталарын пайдаланып, өзүнө ыңгайсыз позицияны тескерисинче үстөмдүк кылган абалга айланта алат.

Дагы бир маанилүү фактор — жаш курагы. Мыктыбек азыр 28 жашта, ал эми анын атаандашы 39 жашта.

Жарым орто салмактагы дивизиондо жаш айырмасы кээде чечүүчү факторго айланышы мүмкүн. Бул жагынан Кыргызстандык мушкер ылдамдык, реакция жана чыдамкайлык боюнча артыкчылыкка ээ.

Ким фаворит?

Мушкерлерди бардык факторлор боюнча салыштырганда, артыкчылык Мыктыбек Оролбай уулунун тарабында көрүнүп турат.

Кыргызстандык мушкер атаандашынан колунун узундугу, ылдамдыгы, универсалдуулугу жана жашы боюнча алдыда. Бирок Уэллс физикалык күчү, күрөшү жана оор соккусу менен кооптуу атаандаш бойдон калууда.

Ошондуктан беттеште жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору мушкер — Мыктыбек Оролбай уулу.

Бирок көп нерсе кыргызстандык мушкердин стойкада кооптуу алмашуулардан канчалык алыс болуп, беттешти өзүнө ыңгайлуу нукка бура алышынан көз каранды.

Букмекерлер да Мыктыбекти айкын фаворит катары баалашууда. Анын жеңишине 1.08, ал эми Жеремайя Уэллстин жеңишине 7.7 коэффициенти коюлган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз