Президент Си Цизиньпинге көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Тибет автономдуу районунда катталган жаратылыш кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
«Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаардык округуна караштуу Гьиронг уездинде болгон селдин кесепетинен адамдар каза болду жана дайынсыз жоголду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат телеграммада.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

