ДКО: Медалдардын жыйынтыгында Кыргызстан алдыга чыкты

 
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын жалпы жыйынтыгы боюнча Кыргызстан биринчи орунду алды. Биздин спортчулар 30 алтын, 29 күмүш жана 13 коло медаль жеңип, өлкөнүн куржунуна жалпысынан 72 медаль топтошту.
 
Медалдык эсепте экинчи орунду Казакстан ээлеп, анын спортчулары 29 алтын, 16 күмүш жана 19 коло медалга ээ болду. Үчүнчү орунда Россия – 7 алтын, 7 күмүш жана 20 коло медаль менен келе жатат.
 
Жалпы медалдардын саны боюнча кыргызстандык спортчулардын артыкчылыгы кыйла жогору: Кыргызстанда 72 медаль болсо, Казакстанда 64, Россияда 34 медаль топтолду.
 
Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө кыргызстандыктар өзгөчө улуттук спорт түрлөрүндө жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Мисалы, көк бөрү боюнча Кыргызстандын курамасы тайпалык баскычта Орусияны 16:5 эсебинде жеңип, биринчи орун менен финалга чыккан. Ал эми аркан тартыш боюнча Казакстан үч дисциплинанын баарында алтын медаль алса, Кыргызстан эки дисциплинада экинчи, биринде үчүнчү орунду ээлеген.
 
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын азыркы жыйынтыгы Кыргызстан үчүн тарыхый мааниге ээ болду. Анткени буга чейин 2024-жылы Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан 43 алтын, 32 күмүш, 37 коло – жалпы 112 медаль менен биринчи орунду ээлесе, Кыргызстан 19 алтын, 21 күмүш жана 25 коло – жалпы 65 медаль менен экинчи орунду ээлеген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз