Жаңы Адилет министри дайындалды

Алмаз Айылчиев юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды, деп билдирди Президенттин администрациясы.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейин Айылчиев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Ал эми юстиция министри кызматын Аяз Баетов ээлеп келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз