Концерт уюштуруу шылтосуу менен адамдардын алдоого шектелген жаран кармалды

Концерт уюштуруу шылтоосу менен жарандарды алдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-августта райондун милициясына Э.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, И.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, И.А. ушул жылдын 3-апрелинде Карасаев көчөсүндө анын ишенимине кирип, чет өлкөлүк ырчылардын катышуусунда борбордогу аянтчалардын биринде концерт өткөрүүгө биргелешип инвестиция салууну сунуштап, алдоо жолу менен андан 20 миң АКШ долларын накталай түрдө алган.

Ошол эле учурда И.А. алган акча каражатын пайдасы менен кошо, жалпы 24 миң АКШ долларын 2026-жылдын 22-майына чейин кайтарып берүүгө милдеттенген. Бирок ал өзүнө алган милдеттерин аткарган эмес. Концерт өткөрүлбөй калган, ал эми алынган акча каражаттарын И.А. өз каалоосу боюнча пайдаланган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук милициясы шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, 2001-жылы туулган И.А.ны кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, ички иштер органдарына И.А.га карата башка жарандардан да ушундай эле аракеттерден жабыр тарткандыгы тууралуу арыздар түшкөн. Бүгүнкү күндө келтирилген материалдык зыяндын жалпы көлөмү такталууда.

Бул боюнча учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Милиция шектүүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгондорду, ошондой эле анын аракеттеринен жабыр тарткан адамдарды тиешелүү арыз менен ички иштер органдарына кайрылууга чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз