Кырчында топурактын өсүмдүк катмары калыбына келтирилүүдө

12-сентябрда Кырчын капчыгайында жер кыртышын жана өсүмдүк катмарын калыбына келтирүү боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу Экология министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, калыбына келтирүү иштери боз үйлөр жана убактылуу объектилер жайгаштырылган аймактарда жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү климатка ылайыкташкан көп жылдык шалбаа чөптөрүнүн жана эндемикалык өсүмдүктөрдүн уруктары себилип, тиешелүү агротехникалык иштер жүргүзүлдү.

Экологиялык акцияга 100гө жакын адам катышты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз