Трамп Зеленскийди Орусиянын мунай заводдоруна сокку урбоого чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди Россиянын дизелдик инфраструктурасына сокку урууну токтотууга чакырды. Ал бул тууралуу журналисттерге Ирландиядагы гольф турнири учурунда айтты.

Трамптын айтымында, чабуулдар дүйнөгө зыян келтирип, күйүүчү майдын баасын жогорулатып жатат.

«Reuters» агенттигинин маалыматы боюнча, АКШда дизелдин бир галлонунун баасы биринчи жолу 6 доллардан ашты, бул жүк ташуунун жана керектөөчүлөр үчүн товарлардын баасын жогорулатат. Ошол эле учурда, агенттик күйүүчү майдын кымбатташынын негизги себеби катары АКШ менен Ирандын согушунан улам мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшүн атады. Бул согуштун айынан «Brent» үлгүсүндөгү мунайдын баасы 107,6 жана «WTI» үлгүсүндөгү мунайдын баасы 102,5 долларга чейин кымбаттады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз