Ош облусунун прокурору башкы прокурордун биринчи орун басары болду

Чыңгыз Ахматов башкы прокурор Малик Бектургановдун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Өмүр баяны:

Ахматов Чыңгыз Аширбекович 1981-жылы 7-июлда Фрунзе шаарында туулган.

2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2004-2005-жылдары — Талас облустук прокуратурасынын стажер-прокурору, бөлүм прокурору;

2005-2006-жылдары — Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору;

2006-2007-жылдары — Кара-Суу райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы;

2007-жыл — Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору;

2007-2009-жылдары — Башкы прокуратуранын прокурорунун улук жардамчысы;

2017-2019-жылдары — Башкы прокуратуранын башкармалыгынын прокурору;

2018-2019-жылдары — Токмок шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу;

2019-2022-жылдары — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурору;

2022-2024-жылдары — Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын прокурору;

2024-2026-жылдары — Ош облусунун прокурору.

Үй-бүлөлүү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз