2027-жылы Ош-Каратай жолуна 4 тилкелүү жол курулат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги келерки жылы узундугу болжол менен 25 км болгон Ош — Каратай төрт тилкелүү жолдун курулушун баштоону пландап жатат. Бул тууралуу 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Өнөр жай, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Жыйында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Маселени Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов көтөрдү. Анын айтымында, Оштон Эркечтам багытындагы жолдо тыгындар көбөйүп, Алайга чейинки жол убактысы бир топ узарды.

«Мурда Алайга болжол менен 50 мүнөттө жетүүгө мүмкүн болчу, азыр жолго үч саатка жакын убакыт кетип жатат. Бул көйгөйдү чечүү боюнча кандай конкреттүү сунуштар бар?», — деп сурады депутат.

Солтобаев бул багытта жол кырсыктары, анын ичинде өлүм менен коштолгон учурлар да көбөйгөнүн маалымдады.

«Биринчи этапта долбоорду иштеп чыгып жатабыз. Быйыл аны аяктайбыз. Оштон Каратайга чейинки жолду төрт тилкеге чейин кеңейтип, ортосуна тосмо орнотууну пландап жатабыз», — деди министр.

Мындан тышкары, Транспорт министрлиги мүмкүнчүлүк болсо Гүлчөгө чейинки жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүүгө аракет кылат.

Министр, ошондой эле, кышында кар көчкү жана жер көчкү коркунучунан улам үзгүлтүксүз кыйынчылыктар жаралган Талдык ашуусу боюнча пландарды айтып берди.

«Тоннель куруу боюнча пландар бар. Азыр инвесторлор жана ички каржылоо булактары менен варианттарды карап жатабыз», — деди ал.

Солтобаевдин айтымында, Ак-Босогодон Сары-Ташка чейинки түз тоннель куруу долбоору да каралууда.

«Курулуш болжол менен 3-4 жылга созулушу мүмкүн», — деп билдирди министр.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз