АКШнын көк бөрү курамасынын капитаны Садыр Жапаровго ковбойлордун шляпасын белекке берди
АКШнын көк бөрү боюнча курама командасынын капитаны Лэд Хауэлл Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Юта штатына болгон иш сапары учурунда жолугуп, ага ковбой шляпасын жана акыркы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийип ойногон кийимин белек кылды. Бул тууралуу капитан социалдык тармактагы өз баракчасында билдирди.
Хауэлл президентке Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ал көк бөрүгө жана Кыргызстанга болгон сүйүүсү тууралуу айтып, ошондой эле бул спорт түрүнө катышкан жылдары ар кайсы өлкөлөрдүн спортчулары арасында досторун арттырганын белгиледи.
Америкалык команданын капитанынын айтымында, анын көк бөрү менен таанышуусу мындан сегиз жыл мурун башталган. Бул убакыт аралыгында ал Кыргызстанга бир нече жолу келип, эл аралык мелдештерге катышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

