«850 сом деп баа коюп бергенге чейин ачпайбыз»: Ошто эт саткан дүкөндөрдүн сатуучулары нааразычылык билдирип чыгышты

Бүгүн, 21-сентябрь күнү Ош шаарында эт саткан дүкөндөрдүн ээлери Ош мэриясынын жанына чогулушуп, эттин мамлекет тарабынан аныкталган акыркы баасына нааразы болушту. 

Алардын айтымында, эттин реалдуу баасы килограммына 770 сомду түзбөйт. Аларга эттин фермерлерден килограммына 800 сомдон ашык алып жатат.

Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө эт дүкөн иштеткен Тимур Сабиралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы коюп берген баа чыныгы баага туура келбестигин айтат.

«Ош шаарында эттин килограммы 770 сомдон деп жатышат. Ошол баа бизге туура келбей жатат. Бизге нормалдуу баа – койдун этинин килограммы 880, уйдун этинин килограммы 850 сом болсо туур келет. Андан төмөн болсо бизге минус болуп жатат. Биз дагы салык төлөчүүбүз. Эл катары эле патент төлөйбүз. Биздин өзүбүздүн укугубуз тебеленип жатат. Мажбурлоо менен коюлган баа туура келбей жатат. Биз дүйкөндөрдү жабып коюуга мажбур болудабыз. 

Азыр баа жасалма болуп жатат. Мисалга, 770 сом деп жатат. Биз 1 килограммын май кошуп, 770 сомдон сатабыз деп кол коюп бергенбиз. Бирок алар «май кошпой 770 сомдон саткыла» деп жатат. Азыр элдин баары «май кошпой бергиле» деп ызы-чуу салып жатат. Биз май кошпой сатсак актабай калып жатат. 

Маселен, 1 мал килограммына 760 сомдон союлса, 6 килограммы жараксыз этке чыгып кетет. Анын ичинен ижара, электр энергия, патентке төлөгөндө дагы 6 кг чыгып кетет. 12 килограммын жокко санасак, 1 килограммы 806-800 сомдон болуп жатат. Анан кантип минуска саталы, эч ким сатпайт да. », - деди ал. 

«Ош» базарында эт  сатып иштеген Алтынбек Муратов да реалдуу баа башкача болуп жатканын, учурда мал базарларда да малдардын баасы өскөндүгүн, жем-чөптүн баасы да жогорулаганын белгиледи.

«Эки күндөн бери бизге килограммы 770 сом деген бааны илип беришти. Бул баа бизге туура келбей жатат. Биз макул эмеспиз. Биринчиден, биздин чыгымыбыз көп. Экинчиден, мал базарда мал кымбат. Үчүнчүдөн, мал сатка фермелерле чөп, жем кымбаттыгынын эсебинен 770 сомдон сатпай жатат. Биз 770 сомдон килограммын сатышыбыз үчүн фермерлерден 750 сомдон алышыбыз керек. Бирок андай болбойт да. Алар анча баа менен бизге сатышпайт. Базарларда мал өтө кымбат. Ошондуктан, касаптардын мүдөөсү  уйдун этинин килограммын 850 сомдон кылып берсин деп суранып жатабыз. 850 сомдон май кошпой эле, 250 гр сөөк кошуп сатып бергенге макулбуз. 

Азыр шаар боюнча бардык касаптар дүйкөндөрүн жабышты. Былтыр солярка 92 сом эле, азыр 110 сом болуп, 20 сомго жогорулады. Былтыры Өзгөндөн букаларды 1000 сомдон ташыганбыз, азыр 2000 сом болуп калды. Ошонун баарын эске алып, мамлекет колдон келишинче жеке ишкерлерди колдоп, 850 сомдон баа коюп беришин суранабыз. Килограммын 850 сомго коюп бергенге чейин ачпайбыз деген бир чечимге келдик», - деди ал. 

Сатуучулар менен Ош шмэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Максат Орозалиев жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Манас Мухаммед уулу жолугушту. 

Алар өз жүйөөлөрүн айтышып, эт саткан дүйкөндөрдүн сатуучуларынын айткандары да тиешелүү тараптарга жеткирилерин айтышты. 

«Азыр касаптардын айткандарын жерге калтырбайбыз. Алардын айткандары боюнча эсеп-кысап кылабыз. Чыгарган чечим боюнча касаптарга билдирүү таратабыз. Өзүңүздөргө маалым, 770 сом уй этине, кой эти 880 сомдон көтөрүлбөсүн депМонополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан сунуш берилген. Ошол сунуш боюнча биз рейд өткөрүп, сатуучуларга билдирүүнү бергенбиз. Андан кийин ошол бааны сактоо боюнча рейд өткөргөнбүз. Бүгүн касаптардын нааразычылыгы боюнча да укуктук, эми ошонун негизинде иш алып барабыз», - деди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Манас Мухаммед уулу. 

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы малды багуудан тартып, этти базарга чыгарууга чейинки бардык чыгымдарды талдап чыгып, анын негизинде эттин тиешелүү бааларын аныктаганын билдирген.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында уйдун сөөгүнөн ажыратылган этинин баасы 1 килограммына 870 сом деп белгиленди. Сөөктүү уй этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сомду түзөт. Кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом деп белгилен.

Ал эми Ош шаарында  уйдун сөөгү жок эти — 870 сом; сөөктүү уй этинин дүң баасы — 690 сом, чекене баасы — 750 сом; кой этинин дүң баасы — 820 сом, чекене баасы — 880 сом экени айтылган эле.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз