Эттин чыныгы баасын аныкташты. Тизме

Эттин баасын турукташтыруу максатында Монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан этке белгиленген баалар киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Кызмат малды багуудан тартып, этти базарга чыгарууга чейинки бардык чыгымдарды талдап чыгып, анын негизинде эттин тиешелүү бааларын аныктаган.

Бишкек шаарында уйдун сөөгүнөн ажыратылган этинин баасы 1 килограммына 870 сом деп белгиленди. Сөөктүү уй этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сомду түзөт. Кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом деп белгиленди.

Облустар боюнча эттин баалары төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда — уйдун сөөгү жок эти — 850 сом; сөөктүү уй этинин дүң баасы — 700 сом, чекене баасы — 770 сом; кой этинин дүң баасы — 800 сом, чекене баасы — 880 сом.
  • Нарын облусунда — уйдун сөөгү жок эти — 840 сом; сөөктүү уй этинин дүң баасы — 690 сом, чекене баасы — 750 сом; кой этинин дүң баасы — 820 сом, чекене баасы — 840 сом.
  • Ысык-Көл облусунда — уйдун сөөгү жок эти — 870 сом; сөөктүү уй этинин дүң баасы — 700 сом, чекене баасы — 770 сом; кой этинин дүң баасы — 820 сом, чекене баасы — 840 сом.
  • Талас облусунда — уйдун сөөгү жок эти — 850 сом; сөөктүү уй этинин дүң баасы — 700 сом, чекене баасы — 770 сом; кой этинин дүң баасы — 800 сом, чекене баасы — 840 сом.
  • Ош облусунда — уйдун сөөгү жок эти — 870 сом; сөөктүү уй этинин дүң баасы — 690 сом, чекене баасы — 750 сом; кой этинин дүң баасы — 820 сом, чекене баасы — 880 сом.
  • Жалал-Абад облусунда — уйдун сөөгү жок эти — 870 сом; сөөктүү уй этинин дүң баасы — 700 сом, чекене баасы — 770 сом; кой этинин дүң баасы — 820 сом, чекене баасы — 880 сом.
  • Баткен облусунда — уйдун сөөгү жок эти — 880 сом; сөөктүү уй этинин дүң баасы — 705 сом, чекене баасы — 775 сом; кой этинин дүң баасы — 820 сом, чекене баасы — 850 сом.

Мындан тышкары, А жана Б категорияларындагы фарштын баалары да белгиленди. А категориясында фарштын курамында 80% эт жана 20% май, ал эми Б категориясында 60% эт жана 40% май болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз