Туманбаев менен Касымалиевди кызматтан алуу маселеси каралган жок

Министрлер кабинетинин төрагасы  Адылбек Касымалиевди жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди ээлеген кызматтарынан бошотуу маселеси каралган эмес жана күн тартибинде жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Соңку кадрдык дайындоолорду кийинки кезек кимде деген төлгөгө айлантпоо керек. Бул эки жетекчини кызматтан бошотуу маселеси каралган эмес жана күн тартибинде жок. Бардык жетекчилерге коюлган талаптар мурдагыдай эле калат: мыйзамды сактоо, коррупцияга жол бербөө жана жетекчиликтин койгон тапшырмаларын өз убагында аткаруу. Эгерде кадрдык чечимдер кабыл алына турган болсо, биз расмий түрдө кабарлайбыз», - деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтан бошотулду деген маалымат тараган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз