Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү "Жусуп" тасмасын сындады
Бишкекте 16-сентябрда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» тасмасынын улуттук бет ачары болуп өттү. Тасманы режиссер Таалайбек Кулмендеев тарткан, деп жазат "Баракелде".
Тасма Садыр Жапаровдун демилгеси менен тартылган. Тасма режиссерунун айтымында, «Жусуп» киносуна 100 млн сом каралган.
Тасманын бет ачарынан кийин «АКИpress» сайтында Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахмановдун макаласы жарык көрдү. Автор тарыхый мурас маселелерине көңүл бурганы жана бул процессти колдоого аракет кылганы үчүн Кыргызстандын элине жана өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал тасма боюнча өз оюн билдирип, тасманын ийгиликсиз болуп калганын жазды.
Аталган макалада Астемир Абдрахманов 2019-жылы тартылган Эрнест Абдыжапаровдун «Жусуп Абдрахманов» аттуу толук метраждуу даректүү тасмасын эске салган.
Астемир Абдрахмановдун макаласына жана окурмандардын тасманы «АКИpress» платформасына жарыялоо суранычына байланыштуу, биз бул даректүү тасманы көрүү үчүн жайгаштырдык.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

