Кыргыз волейболчулары экинчи оюнунда жеңилип калды
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Жапониядагы Азия оюндарында экинчи беттешин өткөрдү.
28-сентябрда тайпалык этаптын экинчи турунда кыргызстандыктар Индонезиянын курама командасына каршы ойношту.
Биринчи партияда курч таймаш жүрүп, анда адегенде кыргызстандыктар 7-5 эсеби менен алдыда болсо, кийин атаандаш 19-15 эсеби менен алдыга чыкты. Партиянын соңунда Кыргызстандын курама командасы атаандашын кууп гана тим болбостон, 23-22 эсеби менен алдыга да чыга алды. Бирок жеңишке жете албай калышты — 27-25 эсебинде Индонезия жеңди.
Экинчи партия да ушундай эле сценарий менен өнүктү. Кыргызстандыктар 19-15 эсеби менен алдыда келе жатышып, бирок андан кийин артыкчылыкты колдон чыгарып жиберишип, 21-25 эсебинде утулуп калышты.
Үчүнчү партия 15-25 эсебинде Индонезиянын пайдасына чечилди.
Кыргызстандын курама командасы катары менен экинчи беттешинде утулду. Биринчи турда кыргызстандыктар Иранга утулуп калышкан болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



