Кыргыз клубдарынын АФКдагы оюндары жыйынтыкталды
Кыргызстандын командалары футбол боюнча Азиянын клубдук мелдештериндеги оюндарын жыйынтыкташты.
2026/2027-жылкы сезондо Кыргызстан кайрадан АФКнын Чакырык лигасына эки команда катыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Башында өлкөнүн учурдагы чемпиону — Каракол шаарынан чыккан «Барс» командасы катышмак. Бирок клуб лицензия алуу үчүн коюлган бардык талаптарды аткара алган эмес. Анын ордуна Кыргызстандын Кубогунун учурдагы ээси «Дордой» мелдешке катышуу укугун алды.
Кийинчерээк Кыргызстанга экинчи квота да берилгени белгилүү болуп, анда өлкөнүн вице-чемпиону — Манас шаарынан чыккан «Мурас Юнайтед» командасы катышмай болду.
Кыргызстандын эки өкүлү тең мелдешти 11-августта өткөн квалификациялык баскычтан баштамак.
Алгач талаага «Мурас Юнайтед» чыкты. Манастын командасы Бангладештин «Фортис» клубунун талаасына конокко барды. Өткөн сезондо да «Мурас Юнайтед» кошумча квота алып, квалификациялык баскычта Бангладештин клубун 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чейин жеткен. Ал этапта Бишкекте Кувейттин командасына утулуп калган.
«Фортис» Бангладеш чемпионатында өткөн сезондо 3-орунду ээлеген. Бирок өлкөнүн чемпиону жана вице-чемпиону лицензиядан өтө албагандыктан, Чакырык лигасында ойноо укугу «Фортиске» берилген.
«Мурас Юнайтед» оюнду толугу менен көзөмөлдөп турса да, атаандашынын дарбазасына олуттуу коркунуч жарата алган жок. Беттештеги жалгыз гол экинчи таймдын башында коргоочулардын кетирген катасынан жана дарбазачынын анча ийгиликтүү эмес оюнунан кийин киргизилди.
Оюндун аягына жакын «Мурас Юнайтед» эсепти теңеп, жеңилүүдөн кутулууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок Эрбол Атабаев пенальтини пайдалана албай, топту дарбазанын мамысына тийгизди.
Беттеш «Фортистин» пайдасына 1:0 эсеби менен аяктады. Ошентип, Бангладештин клубу мелдештин топтук баскычына жолдомо алды, ал эми «Мурас Юнайтед» квалификациялык баскычта эле оюнун жыйынтыктады.
Мындан тышкары, Манастын командасында олуттуу жаракаттар орун алды. Анда комнада капиатны Амир Жапаров менен Байбол Эрмековдон ажырады. Экөө тең талаадан замбил менен чыгарылды.
Бул Кыргызстандын клубунун Бангладештин клубуна тарыхта биринчи жолу жеңилүүсү болду. Буга чейин, 2021-жылы Непалда өткөн мелдеште Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасы (U-23) Бангладештин жаштар курамасына 0:1 эсебинде утулган. Ал оюнда жалгыз голду кыргызстандык футболчулар өз дарбазасына киргизген.
Ошол эле күнү кечинде талаага «Дордой» чыкты. Бишкектик команда Сириянын вице-чемпиону — «Хомс Аль-Фидаа» клубу менен беттешти. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Бул жолку атаандаш Бангладештин «Фортисине» караганда кыйла күчтүү болчу. Ошондуктан оюн да курч жана күрөшкө бай болду.
«Дордой» Кыргызстандын чемпионатында бул сезондун башын абдан начар өткөргөн. Бирок команда Чакырык лигасына жолдомо алгандан кийин башкы машыктыруучусун алмаштырып, курамына бир нече маанилүү трансферлерди кошкон.
Сириялык клуб менен болгон оюнга «Дордой» Жогорку Лигадагы катары менен эки жеңиш менен келген. Бишкектик клуб «Кыргызалтын» жана «Нефтчи» командаларын 5:1 эсебинде уткан.
Сириянын клубуна каршы беттеште «Дордой» 10-мүнөттө эле гол өткөрүп жиберди. Бирок андан кийин оюнду толугу менен өз көзөмөлүнө алып, атаандашын кысымга алды. Натыйжада 84-мүнөттө эсепти теңеген гол киргизилип, оюн кошумча убакытка, андан соң пенальтилер сериясына өттү.
Пенальтилер сериясында сириялык команда так аткарып, 8:7 эсебинде жеңишке жетти. «Дордойдун» курамында жалгыз пенальтини Эрназ Абилов киргизе алган жок. Ал экинчи таймда оюнга чыгып, командасынын эсепти теңеген голун уюштурууга жардам берген.
Ошентип, «Дордой» да атаандашына жеңилип, Чакырык лигасындагы оюнун биринчи эле баскычта жыйынтыктады.
Муну менен Кыргызстандын командалары үчүн Азиядагы клубдук сезон аяктады.
Ал эми кийинки сезондон тарта Кыргызстандын чемпиону АФКнын Чакырык лигасынын топтук баскычына түз эле жолдомо алат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

