Көк бөрүнүн ишенимдүү коргоочусу — Кыяз Ниязов

“Көк бөрү” — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхын, эр азамат жигиттик духун, шамдагайлыгын жана намыскөйлүгүн айкалыштырган улуттук оюну. Көк бөрү сүйүүчүлөр арасында “кыргыздын футболу да, хоккейи да көк бөрү” деп айтылат. 

Ат жалында эр жетип, таймашта тайманбастык менен күч сынаган көк бөрүчүлөрдүн ар биринин өзүнө таандык күжүрмөн эмгек жолу, өзүнө таандык өмүр баяны бар. Алардын катарында өзүнүн чебер оюну, өжөрлүгү жана ат үстүндөгү алдыңкы тажрыйбасы менен күйөрмандардын сый-урматына ээ болгон Кыяз Ниязовдун да орду өзгөчө.

Өзгөндүн Дөң-Булак айылынан чыккан Кыяз Ниязов бала кезинен аттын үстүндө чоңоюп, “Көк бөрү” оюнунун көп сырын атасынан жана агаларынан үйрөнүп өскөн. Ал 7 жашынан ат минип, 21 жашынан тартып чоң мелдеш оюндарына аралаша баштаган. Көп жылдык тажрыйбасынын аркасында Кыргызстандын “Көк бөрү” дүйнөсүндө өзүнүн татыктуу ордун таба алды. Бүгүнкү күндө ал «Достук» командасынын тажрыйбалуу оюнчуларынын бири катары белгилүү.

Анын бир туугандары Байыш жана Манас Ниязовдор менен бирге “Көк бөрү” майданында жүрүп, Ниязовдордун үй-бүлөлүк улакчылык салтын даңазалап келе жатканы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Бул үй-бүлөнүн ысымы кыргыз көк бөрүсү менен эриш-аркак аталып, улуттук спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы менен эл арасында аттын кашкасындай кеңири таанымал.

Анын айткандарына караганда, “Көк бөрүдө” жеңишке жетүү үчүн күчтүү болуу эле жетишсиз. Анда ат жаныбары менен тил табышуу, атаандаштын оюнун алдын ала сезүү, ар кандай учурда туура чечим кабыл алуу, команда үчүн жоопкерчиликти жогору коюу жана эң башкысы ар- намысты бек сактоо керек. Кыяз Ниязовдун спорттук карьерасы дал ушул сапаттардын айкалышы менен бааланат. Анын спорт менен талбай машыккан эмгек жолунан улуттук оюнга болгон сүйүү менен кесипкөйлүктүн айкалышын көрүүгө болот.

Анын “Көк бөрүдөгү” өмүр жолу — ат үстүндөгү өнөргө берилгендиктин, улуттук мурасты урматтоонун жана кыргыз жигитине мүнөздүү күжүрмөндүктүн жана кайратмандыктын баяны. Ал кыргыз улуттук ат спортунда өзүнүн туруктуу оюну, коргоодогу чечкиндүүлүгү жана тактикалык чеберчилиги менен белгилүү улакчы болуп таанылган. Албетте, анын спорттогу жетиштирип жаткан ийгиликтери сыймыктандырат. 

Кыяз Ниязов — кыргыз улуттук ат спортунун, өзгөчө көк бөрү оюнунун көрүнүктүү чеберлеринин бири. Ал 1987-жылы 4-майда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. Анын бою 172 см болуп, талаада коргоочу позициясында ишенимдүү оюн көрсөтүп келатат. Спортчунун “Көк бөрү” оюнуна болгон өзгөчө кызыгуусунун негизги себеби, бул анын көк бөрүчүлөр династиясында жарык дүйнөгө келгендиги. 

Ат өнөрүн ардактаган азамат уул  

Айта кетсек, атасы Токтогул Ниязов мезгилинде республиканын түштүк жергесинде кеңири тараган аламан улак  оюнунда атагы чыккан балбандардын бири болгон. Ал СССР убагында совхоздун жылкысын кайтарып, өмүр бою жылкы жандыгына жакын өскөн. Ошол себептен өзү да, балдары да улак тартып калды. Уулдары Жаныш, Байыш, Кыяз, Баяман атасынын жанында жүрүп күчтүү балбан, жоон билек улакчы болуп жетилишти. Ал уулдарын спортко машыктырган, турмушта туура жолго баштаган устат болгон.

"Аганы көрүп ини өсөт" деген сөздүн чындыгын бир тууган Ниязовдор көргөзөт. Бири-биринен улак тартканды үйрөнгөн Байыш, Кыяз жана Манас Ниязовдор учурда "Достук" командасынын алдыңкы оюнчулары болуп эсептелет. Кыяз Ниязов атасын жана агаларын көрүп 7 жашынан бери эле ат үстүндө жүрөт. Анын жетишкендиги – спорт оюндарынын артынан элге таанылып кадыр-барк күттү. 

“Көк бөрүнүн  артынан бизди эл сыйлап, кайсы жерге барбайлы бир тууган улакчылар деп тосуп алышат. Байыш агам күчтүү ойнойт, азыр инибиз Манас баарыбыздан озуп, мыкты оюнчу. Ал биз жетпеген сыйлыктарга, наамдарга татып, эл оозуна көп алынып жатат”-дейт Кыяз Ниязов.

Ал минген аргымак “Месси” деген ат менен белгилүү. 2014-жылы "Достук" командасына келгенден бери ушул ат менен улак тартып жүрөт. Анын аты "Кабылан" командасында ойноп жүргөндө эле коюлган экен. Чынында эле анын чуркаганы, кыска бурулуштар жана шамдагайлыгы футболчу Мессиге аябай окшош. 

Кыяз Ниязовдун алдыда боло турган VI Дүйнөлүк  Көчмөндөр оюндарына катышуусу бул өлкө курама командасы үчүн чоң күч жана күйөрмандар үчүн чоң жаңылык. “Көк бөрү” боюнча курама командага катышуудагы анын негизги артыкчылыгы: тажрыйбасы мол, ат үстүндөгү өнөрү мыкты. Ал ар убак зор чеберчилик менен жогорку деңгээлдеги турнирлерде, ири мелдештерде туруктуу оюндарды  көргөзүп келе жатат. 

Ар качан ат менен шай келип, райондук, облустук жана республикалык мелдештерде тактикалык жактан күчтүү стратегияны колдоно билгендиги менен белгилүү. Команданы алга сүрөгөн духу күчтүү, Улуттук кураманын чабуул же коргонуу сызыгын чыңдоодогу салымы чоң. Ал катышкан Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында “Көк бөрү” боюнча мелдештер ар дайым эң башкы жана чыңалууда өткөн жаратман окуялардын бири болуп саналат.

Спорттук карьеранын этаптары

Кыяз Ниязовдун улуттук ат спортундагы эмгек жолу 2008–2009-жылдары  "УГАИ" командасында алгачкы кадамдары башталган. 2009–2012-жылдары "Кожомкул" ("Рассвет") командасында ойноп, биринчи ири ийгиликтерди  жетиштирген. 2014-жылдан бери өлкөнүн эң күчтүү клубдарынын бири болгон "Достук" командасынын курамында туруктуу ойноп, бийиктиктин туу чокусуна көтөрүлдү.

Бул жылдар аралыгында Кыяз Ниязов клубдук жана улуттук деңгээлдеги командалары менен биргеликте республикалык жана эл аралык мелдештерде көптөгөн байгелүү орундарды багындырды. 2012-жылы "Кожомкул" командасы менен Кыргызстан чемпионатында жана А. Аскаров турниринде чемпион болгон. Ал эми "Достук" командасы менен 2019-2023-жылдары 9-Май Жеңиш кубогун, Президенттин кубогун, ошондой эле 2025-жылы КР Эгемендүүлүк кубогун жеңип алган. 

2024-жылы өткөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында “Көк бөрү” боюнча 1-орунду ээлеп, чемпиондук наамды багынтты. Ошондой эле 2022-жылы өткөн 4-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.

Анын спортко болгон өзгөчө ынтызарлыгы жана чеберчилиги бааланып, 2009-жылы Жалал-Абадда өткөн жаштар арасындагы турнирде "Мыкты оюнчу" номинациясына татыган. Ал спортко берилүү менен өлкө намысын коргоп, ар кандай спорттук мелдештерге Ош облусунун жана "Достук" командасынын атынан чыгып, улуттук спортту өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп келатат. 

Албетте, алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спортчунун өлкө намысын татыктуу коргоп, жеңиш куржунун байгеге толтурат деген ишенич чоң. Спортчу азыркы учурда аттарды таптоо менен атайын машыгууларды өткөрүүдө. “Көк бөрү” жана ат спортунун түрлөрү үчүн аргымактарды даярдоо, салмак жана чыдамкайлыгын жогорулатуу иштери жүрүүдө.  

А.МАТИЕВА.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз