Футбол U-17: Кыргызстан 18:0 Түндүк Мариана аралдары

 
Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курамасы (U-17) бүгүн, 5-октябрда, Азия Кубогунун тандап алуу этабынын алкагында, Түндүк Мариана аралдарынын курамасы менен кез келип, 18:0 эсебинде жеңип, биринчи турду ийгиликтүү өткөрдү. Оюн Хошимин шаарында өттү.
 
Беттеште Перизат Заирбекова беш, ал эми Нурайым Разакбаева төрт жолу гол киргизип айырмаланышты. Дагы үч голду атаандаштар өздөрүнүн дарбазасына киргизип алышты.
 
Эми алдыда, 8-октябрда, экинчи турдун оюндары өтүп, анда кыргызстандык футболчу кыздар Палестинанын курамасы менен беттешет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз