Улуу Британия Кыргызстандын 3 компаниясына санкция салды

Улуу Британия 8-октябрда Орусия боюнча санкциялык тизмеге Кыргызстандан 3 компанияны жана алардын биринин директорун киргизди. Бул тууралуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин GOV.UK порталындагы билдирүүсүндө айтылат, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Жалпысынан Орусияга каршы санкцияларга 7 өлкөдөн 38 субъект кирди: 23 юридикалык жак, 3 жеке жак жана 12 кеме.

Бул тизмеде кыргызстандык 3 компания бар: «Цунами Пейментс» ЖЧКсы, «Процессинг КейЖи» ААК, «ТокенСпот» ЖАК, ошондой эле «Процессинг КейЖинин» жетекчиси Улан Букабаев да бар.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусия бул компанияларды каржылык санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонуп жатат деп шектенүүдө. Тактап айтканда министрлик «Цунами Пейментс» жана «ТокенСпот» компаниялары Орусия өкмөтүнүн каржылык кызмат көрсөтүү сектору сыяктуу стратегиялык мааниге ээ болгон секторунда иш алып баруу менен Орусия өкмөтүнөн пайда көрүп жатат же аны колдоп жатат деп шектенүүгө негиздер бар деп эсептейт.

«Процессинг КейЖи» боюнча негиз башкача: Тышкы иштер министрлиги компания өкмөт үчүн экономикалык мааниге ээ болгон ишмердүүлүктү жүргүзүү менен Орусия өкмөтүнөн пайда көрүп жатат же аны колдоп жатат деп шектенет. Букабаев бул компаниянын директору катары тизмеге киргизилген.

Санкциялар төрт субъекттин тең активдерин тоңдурууну билдирет. Ошондой эле Британиянын банктарына жана каржы уюмдарына үч компания менен корреспонденттик мамилелерди жүргүзүүгө жана алардын катышуусу менен төлөмдөрдү ишке ашырууга, ал эми Букабаевге — Улуу Британияга кирүүгө тыюу салынат.


Маалымат:

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин юридикалык жактар реестринин 8-октябрдагы маалыматы боюнча, «Цунами Пейментстин» негиздөөчүсү — Кузнецова Юлия Викторовна, жетекчиси — Такырбашов Кенжебек Авасович. 2-октябрда компания кайра каттодон өткөн.

«ТокенСпоттун» жетекчиси — Умархожаев Мелис Батырбекович, жалгыз негиздөөчүсү — аты-жөнү көрсөтүлбөгөн жеке жак.

«Процессинг КейЖинин» жетекчиси — Букабаев Улан Арымбаевич, негиздөөчүсү — аталышы көрсөтүлбөгөн юридикалык жак.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз