Садыр Жапаров: Жакында 15ке жакын чек арачы жана бажы кызматкери кармалды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-октябрда Лейлек районунун тургундары менен жолугушууда жакында 15ке жакын чек арачы жана бажы кызматкери кармалганын билдирди.

Арка айылынын тургуну президентке кайрылып, 2024–2025-жылдары УКМК кызматкерлери анын күнөөсүз эки уулун кармаганын айтты. Анын сөзүнө караганда, уулдарынын биринин жол боюнда дүкөнү болуп, 7 миллион сом насыясы бар. Экинчи уулу болсо Бишкекте "Дордой" базарынан кийим-кече ташып жүргөн жеринен кармалган.

Президент УКМК төрагасынын орун басары Алмаз Ажыгууловдон бул иш боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүндү.

Ажыгууловдун маалыматына ылайык, 5 миллион сомдук эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, төрт адам соттолгон. Баткен облустук соту алардын ар бирин күнөөлүү деп таап, 300 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, 30 миң сомдон айып пул салган.

Садыр Жапаров 2020-жылдан бери бажы жана чек ара кызматкерлерине өлкөгө бир да контрабандалык товар киргизилбеши керек деген талап коюп келгенин белгиледи.

«Өлкөгө импорттолгон товарлар үчүн бажы төлөмдөрү төлөнүшү керек. Бюджеттин өсүшү дал ушул кирешелердин эсебинен камсыздалат. Эгер ар бир айылда контрабанда менен алектене беришсе, анда мен экономиканы кантип көтөрөм? Силер сураган каражаттарды кантип бөлүп берем?

Жакында 15ке жакын чек арачы жана бажы кызматкери кармалды. Алар контрабандалык товарларды өткөрүп берип, акча чогултуп жаткан видеону көрдүм. УКМК 15 күн бою жашыруун видеокамера орноткон экен», — деди президент.

Эскерте кетсек, президенттин администрациясы 9-октябрда Бажы кызматынын жана Чек ара кызматынын жетекчилиги алмашканын билдирген.

Алмаз Салиевдин ордуна Улан Кимсанов Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал эми Абдикарим Алимбаевдин ордуна Данияр Сатимов Чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз