Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен аскер кызматкерлеринин айлыгы 10 миң сомго жогорулайт
Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен аскер кызматкерлеринин акчалай камсыздоосун жогорулатуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 14-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-декабрынан тартып кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго көбөйтүлөт. Муну менен катар укук коргоо органдарындагы жана аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү азайтылат.
Кызматкерлердин ай сайын ала турган акчалай камсыздоосунун жалпы көлөмү ээлеген кызматына, атайын наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамда каралган башка төлөмдөргө жараша аныкталат.
Тактап айтканда, кызматка биринчи жолу кабыл алынган, эмгек стажы жок, баштапкы атайын наамга ээ жана жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар менен иштегендиги үчүн үстөк акы албаган кызматкерлердин айлык акчалай камсыздоосу кеминде 4 миң сомго көбөйөт.
Ал эми пенсиялык компенсация алууга жетиштүү кызмат өтөө мөөнөтү бар кызматкерлердин акчалай камсыздоосу ээлеген кызматына жана кызмат өтөгөн жылдарына жараша 10 миң сомдон ашык суммага жогорулайт.
Мындан тышкары, кызматтык маянанын көбөйүшү эмгек өргүүсүнө байланыштуу төлөмдөрдүн, жумуштан бошотулгандагы жөлөкпулдун жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн да өсүшүнө алып келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

