Нөшөрлөп жааган жаандан улам Стамбул шаарын суу каптады

Түркиянын эң ири шаары Стамбул нөшөрлөгөн жаандан улам суу алдында калды. Бул тууралуу «NTV» телеканалы кабарлады.

Жаан 14-октябрда эртең менен башталган. Нөшөрдүн кесепетинен үй, ишкана, жол жана жер алдындагы өтмөктөрдү суу каптап, транспорт кыймылы кыйындады. Натыйжада болжол менен 16 млн калкы бар шаарда транспорттук башаламандык жаралды.

Стамбулдун Фатих районунда 14 жаштагы өспүрүмдү электр тогу урган. Эс-учун жоготкон бала ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес.

Стамбулдун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына жана чукул кырдаалдар боюнча чакыруу борборуна бир күн ичинде суу ташкындары, жер көчкү, камалып калган адамдар жана шамалдан жулунган чатырлар тууралуу 2518 билдирүү түшкөн. Натыйжада 76 унаа, 808 турак жай жана 280 ишкана суу алдында калган.

Бийлик өкүлдөрү жаан-чачын дагы улана турганын эскертип, шаар тургундарын этият болууга чакырышты.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл 15-октябрда провинциядагы бардык мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринде сабактар өткөрүлбөй турганын билдирди.

Тургундарга жана туристтерге зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоо, дарыялардын нугунан, жер алдындагы өтмөктөрдөн жана суу каптоо коркунучу бар аймактардан алыс болуу сунушталды.

14-октябрдын кечинен тарта шаар көчөлөрүндө мотоциклдердин жана башка эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз