Кыргызстанда авиация борборун куруу үчүн 5 гектар жер бөлүндү

Министрлер кабинети «Шумкар» трансулуттук корпорациясы» ААКка Чүй облусунун Ысык-Ата районунан авиациялык окуу борборун куруу үчүн аянты 5,08 га болгон жер тилкесин берди.

Тиешелүү № 776-т буйругу 12-октябрда кабыл алынган.

Жер тилкеси Узун-Кыр айыл аймагындагы № 105 контурда жайгашкан жана өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлерге кирет.

Жер «Шумкар» корпорациясына 49 жылга акысыз берилет. Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясына тиешелүү келишим түзүү жана жер тилкесинин максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө тапшырылды.

Компания долбоордук документтерди иштеп чыгып, бекитиши, экологиялык жол-жоболордон өтүшү, керектүү уруксаттарды алышы, ошондой эле жер, шаар куруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын талаптарын сакташы керек.

Борбордун курулушу документтерде белгиленген мөөнөттө аякташы керек.

Буйрукта долбоор жарандык авиацияны жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, авиациялык адистерди даярдоонун улуттук системасын түзүүгө, чакан жана аймактык авиацияны өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактардын жана туристтик объектилердин транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталганы белгиленген.

Маалымат

«Шумкар» корпорациясы — бул автомобиль куруу жана адистештирилген техниканы чогултуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишкана. Ал «Шумкар» автомобилдерин жана башка маркадагы («Foton», «Dongfeng», «HOWO») оор техникаларды чогултуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда. Завод кытайлык өнөктөштөр менен түзүлгөн.

КРдин Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси — Амракулов Мавлян Номанович, ал эми ээси — Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз