БШК президенттикке талапкерлерден арыз күтүүдө
БШК президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерден арыз күтүүдө. Талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Биринчи радионун» эфиринде.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата бир гана талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген.
2026-жылдын 25-сентябрында БШК календардык планды бекиткен. Азыр комиссия уюштуруу жана техникалык иштерди жүргүзүүдө.
Шайназаров алдыдагы шайлоодо колдонула турган жаңылыктар тууралуу айтып берди. Шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Ал билдиргендей, буга чейин талапкерлер 1 млн сом өлчөмүндө күрөө төгүшчү жана ал кайра кайтарылчу. Азыр 100 миң сом өлчөмүндө төгүм каралган, ал мамлекеттик бюджетке түшөт.
Шайназаров бул шайлоодо аралыктан добуш берүү толук кандуу колдонуларын кошумчалады.
«Жөнөкөй тил менен айтканда, биздин шайлоочулар шайлоо күнү кайда болбосун, добуш берүүгө катыша алышат. Бишкекте катталып, бирок шайлоо күнү Ошто, Ысык-Көлдө, АКШда, Орусияда болушуңуз мүмкүн. Паспортуңузду алып, каалаган тилкеге барып, бюллетень алып, добуш берүүгө катыша аласыз. Мурда чет өлкөдө каттоого туруп, андан кийин катышуу керек болчу, азыр мындай талап жок», - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

