АКШ менен Өзбекстан 12 млрд долларды камтыган 50 келишимге кол койду
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун жетекчилигиндеги делегациянын курамында Самаркандга барган америкалык ишкерлер Өзбекстандын өнөктөштөрү менен кызматташуу боюнча 54 келишим түзүштү. Документтердин алкагында жалпы суммасы 12 миллиард долларды түзгөн долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Бул тууралуу «Газета.uz» Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигине шилтеме берип жазды.
Министрликтин маалыматына ылайык, келишимдер өнөр жай, транспорт жана энергетикалык инфраструктура, стратегиялык маанилүү минералдар, каржы сектору, санариптик технологиялар, айыл чарба, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын камтыйт.
Документтер инвестициялык, технологиялык жана соода жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Министрлик бир катар келишимдерге токтолду. Атап айтканда, Franklin Templeton, Oppenheimer & Co., Citigroup жана BlackRock компаниялары менен түзүлгөн макулдашуулар өзбекстандык ишканалардын эл аралык капитал рынокторуна чыгуусуна, ири институционалдык инвесторлорду тартууга жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого шарт түзөт.
Ал эми Wabtec компаниясы менен биргелешкен демилге темир жол техникасын жана анын тетиктерин Өзбекстанда өндүрүүнү жергиликтештирүүгө багытталган. GE Aerospace компаниясы болсо Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын жаңы учактары үчүн кыймылдаткычтарды жеткирип берет.
Тоо-кен тармагындагы кызматташтык ReElement Technologies, Traxys жана Trafigura компаниялары менен түзүлгөн келишимдер аркылуу бекемделди. Алардын алкагында кен чыккан жерлерди изилдөө жана өздөштүрүү, технология алмашуу, ошондой эле стратегиялык маанилүү минералдарды камтыган жаратылыш ресурстарын жеткирүү маселелери каралган.
Мындан тышкары, Amazon Leo компаниясы менен спутниктик байланышты өнүктүрүү, GE HealthCare менен заманбап медициналык технологияларды киргизүү, ал эми Valmont Industries менен айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча макулдашуулар түзүлгөн.
Марко Рубионун Самаркандга болгон сапарынын алкагында «Борбор Азия — АКШ» (C5+1) форматындагы сүйлөшүүлөрдүн ишкердик программасы 19-октябрда башталган.
Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин маалыматына караганда, иш-чарага жалпысынан 400дөн ашык компаниянын өкүлдөрү катышууда. Алардын ичинен 100дөн ашыгы — америкалык, 100ү — Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген компаниялар, ал эми 200ү Өзбекстандын ишканалары.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

