Кыргызстанда социалдык төлөмдөр көбөйөт

2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдар, пенсиялардын айрым түрлөрү, кошумча төлөмдөр жана акчалай кенемтелер көбөйтүлөт.

Төлөмдөрдүн жаңы өлчөмдөрү президент Садыр Жапаровдун жарлыгында каралган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төлөмдөрдүн жогорулашы кимдерге тиешелүү болорун жана жарандар канча өлчөмдө ала баштарын түшүндүрдү.

Эң олуттуу жогорулатуулардын бири майыптыгы бар балдарга тиешелүү. Тактап айтканда, балдардын церебралдык шал оорусуна чалдыккан жана 18 жашка чейинки майыптыгы бар башка балдарга берилүүчү жөлөк пул 8000 сомдон 11000 сомго чейин көбөйөт.

ВИЧ/СПИД менен жашаган балдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД менен жабыркаган энелерден төрөлгөн балдарга төлөнүүчү жөлөк пул да 8000 сомдон 11000 сомго чейин жогорулайт.

Эки ата-энесинен тең ажыраган жетим балдарга берилүүчү жөлөк пул 6000 сомдон 8000 сомго, ал эми багуучусунан ажыраган адамдарга төлөнүүчү жөлөк пул 3000 сомдон 5000 сомго чейин көбөйөт.

Балалыгынан майыптыгы бар адамдар үчүн жөлөк пулдар төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

  • I топ — 8 000 сомдун ордуна 11 000 сом;
  • II топ — 6 600 сомдун ордуна 9 600 сом;
  • III топ — 5 400 сомдун ордуна 8 400 сом.

Жалпы оорудан улам майыптыгы бар адамдардын жөлөк пулдары да көбөйөт:

  • I топ — 5 500 сомдун ордуна 8 500 сом;
  • II топ — 3 000 сомдун ордуна 6 000 сом;
  • III топ — 2 000 сомдун ордуна 5 000 сом.

Өзгөрүүлөр «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге да тиешелүү. Алардын пенсиясына берилүүчү кошумча төлөм беш эсеге көбөйүп, 1000 сомдон 5000 сомго жетет.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, мындай төлөмдү 30 миң 600дөн ашуун аял алат.

Ал эми 55 жашка толгон, бирок пенсиялык камсыздоого укугу жок «Баатыр энелерге» берилүүчү социалдык жөлөк пул 3000 сомдон 5000 сомго чейин жогорулайт.

Бийик тоолуу аймактарда жашаган, пенсия алууга укугу жок улгайган жарандарга төлөнүүчү жөлөк пул да 2000 сомдон 3000 сомго чейин көбөйөт.

Жогорулатуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына, Советтик Армиянын майыптарына, интернационалист жоокерлерге, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, реабилитацияланган жарандарга, ардактуу донорлорго жана башка жеңилдетилген категориядагы жарандарга да тиешелүү болот.

Мисалы, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына берилүүчү акчалай кенемте 10 000 сомдон 11 000 сомго, ал эми согуштук аракеттерге катышкан интернационалист жоокерлерге төлөнүүчү кенемте 8000 сомдон 9000 сомго чейин көбөйөт.

Ардактуу донорлорго берилүүчү төлөм эки эсеге жогорулап, 1000 сомдон 2000 сомго жетет.

Угуу жана көрүү жагынан майыптыгы бар адамдарга төлөнүүчү ай сайынкы акчалай кенемтенин өлчөмү да 2000 сомго чейин көбөйөт.

Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар үчүн пенсияга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө кошумча кенемте каралган.

Ошондой эле Баткен жана Ош окуяларында, 2002-жылдагы Аксы окуяларында, 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыркагандарга, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилүүчү төлөмдөр көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, 2027-жылдын 1-январынан тарта мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн жоокерлер жана матростор үчүн майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 12 300 сомду түзөт.

I топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы базалык бөлүгүн жогорулатуунун эсебинен 9500 сомго чейин, ал эми III топтогулардын пенсиясы 5000 сомго чейин жетет.

Жогорулатылган төлөмдөрдүн бардыгы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз